Өндүрүштө жапа чеккендердин көбү компенсация алышууда, беш жылдын ичинде жылдык сумма 15 эсеге өстү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова бүгүн Бишкекте америкалык эл аралык профсоюздук Тилектештик борборунун колдоосу менен өткөн Бүткүл дүйнөлүк Эмгек күнүнө арналган конференциянын алкагында билдирди. «Кыргызстанда эмгекти коргоо социалдык саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана […]Читать далее
Эртең, 27-апрелден тарта Бишкектин “Ала-Тоо” аянты реконструкциялоого жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жумуш убагында Ардак кароол алынат. Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө. Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган “Ала-Тоо” аянтынын азыркы композициясы “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн […]Читать далее
БШКнын 26-апрелдеги жыйынында Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды. Буга соттун чыгарган өкүмү негиз болгону айтылды. Эске сала кетсек, Адахан Мадумаров 2009-жылдагы протоколдун айынан мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталган болчу.Читать далее
Чоң-Арык конушунда Семетей көчөсүндө жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборун куруу иштери башталды. Жертөлөсү бар эки кабаттуу имарат. Жалпы аянты 1283 чарчы метр, 250 кишини кабыл алууга ылайыкталган. Долбоордун алкагында ЭКГ жана УЗИ өткөрүү үчүн кабинеттер, ошондой эле дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, техникалык зоналар, стерилизациялык жайлар, лифт жана тазалык түйүндөрү болот. Мындан тышкары, аймакты көрктөндүрүү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасында «Эмгек күнү» майрамдалгандыгына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Иркештам-автожол” өткөрүү жайлары 2024-жылдын 1-майында убактылуу жабылаарын маалымдайт. Адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү “Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” КӨЖ аркылуу өткөрүү 2024-жылдын 2-майында кайрадан жанданат.Читать далее
Ысык-Көлдөн 24,6 миң метр тор жана 3 миң кг чукул таштанды чыгарылды. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борбору маалымдады. Учурда ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелерин “Мөлтүр” кемеси менен таштандылардан жана мыйзамсыз балык уулоочу торлордон тазалоодо. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл районуна караштуу Кожояр айылынан Корумду айылына чейин көлдөн 24 600 метр балык уулоочу тор чыгарылып, 2985 кг […]Читать далее
“Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытай Эл Республикасында жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди. Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты. Тубаса жүрөк кемтиги […]Читать далее
Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында “Ала-Тоо” санаторийи Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. “Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи […]Читать далее
Өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 26-28-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.Читать далее
2024-жылдын башынан бери “Жыйынды пост” маалыматтык системасында Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына товарларды импорттоодо 57 миң 741 электрондук коштомо кагаз катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Анын ичинен товарларды эсепке алуунун авто жол пункттарында 47 миң 513 коштомо кагаз, товарларды эсепке алуунун темир жол пункттарында 8 миң 952 коштомо кагаз жана аэропорттордо […]Читать далее