2024-жылдын 1-декабрына карата Кыргызстанда “персоналдык ассистент” кызматын 14 миң 976 адам алат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алардын 9 504ү балдар, ал эми 5 472си 18 жаштан жогорку майыптыгы бар жарандар. “Аларга 14 673 жаран жеке ассистент кызматын көрсөтөт. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тарта жеке ассистенттердин кызматтары үчүн төлөм 6 268 сомдон 7 681 […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2024-жылдын январь-ноябрь айларында 60345 жаранга пенсия чектеди. Ошонун ичинде 2024-жылы ноябрь айында 9946 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 2823 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.Читать далее
Жалпы баасы 1 млрд 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан кум карьеринин жалпы аянты 6,6 гектарды түзөт. 2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн […]Читать далее
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында каза болду. Урманбетов Асек, 1923-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, II топтогу майып. Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Ал эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен кармаган. Жеңиштин […]Читать далее
Бишкекте 20-21-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн үчүнчү Элдик Курултай өз ишин аяктады. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 698 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардан жана диний конфессиялардан өкүлдөр катышты. Курултайдын жүрүшүндө 2000ден ашык жазуу жүзүндөгү сунуштар келип түшкөн жана 150 делегат трибунадан чыгып, актуалдуу маселелерди жана […]Читать далее
Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштеп жатат. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 09:00гө карата “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын 1041 автобусу каттамга чыккан. “Муниципалдык коомдук транспорттун иштөө графиги аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калууда. Жарандар коомдук транспорттун кыймылын онлайн режиминде “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси аркылуу көзөмөлдөй алышат”, – деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, күн мурун, 20-декабрда Бишкекте […]Читать далее
Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин тийиштүү деңгээлде аткарбаган жооптуу жетекчилер тартиптик жазага тартылды. Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев карды тазалоого жооптуу шаардык кызматтардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрдү. Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2023-жылы үч кыз, бир уул болуп төрөлгөн төрт эмдин үй-бүлөсүнө барды. Жолугушуу учурунда министр жаш үй-бүлөгө чын жүрөктөн куттуктоолорун жана колдоо сөздөрүн билдирди. Ал төрт эмдин төрөлүшү кубанычтуу жана сейрек кездешүүчү окуя экенин баса белгиледи. 2023-жылы үй-бүлө төрт бала үчүн ар бири 50 миң сомдон, […]Читать далее
Былтыркы курултайда көтөрүлгөн маселелердин 70 пайызы чечилди. Бул тууралуу курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекет катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. Анын айтымында, I курултайда көбүнчө мектеп, бала бакча, ооруканалар сыяктуу ички социалдык маселелер көтөрүлгөн. Ал эми II курултайда чарбалык маселелер, чакан ГЭСтерди куруу, жолдорду салуу жана суу маселеси өтө курч болгон. “II курултайда делегаттар тарабынан орчундуу көйгөйлөр […]Читать далее
Министрлер кабинетинин демилгеси менен республикада “Аймактык экономикалык өнүгүү” долбоору жигердүү ишке ашып жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган долбоордун алкагында малдын асылдуулугун арттыруу жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ош облусунун 61 фермерине эт-сүт багытындагы асыл тукум мал сатып алынган. Жалпысынан 110 млн 670 миң 500 сомго 837 асыл тукум […]Читать далее