Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин Финансы министрлигиндеги мамлекеттик сатып алуулардын электрондук веб-порталынын ишине натыйжалуулук жана пилоттук маалыматтык технологиялар аудитин жүргүздү. Ведомстводон билдиришкендей, аудиттин жыйынтыгында порталдын ишинде координациянын, көзөмөлдүн жана маалыматтык коопсуздуктун жетишсиздигинен улам бир катар кемчиликтер бар экени аныкталды. Атап айтканда: Бир булактан сатып алынган товарлар мурунку жылдардагы шаблондук документтердин негизинде түзүлгөн, бул атаандаштыкты […]Читать далее
Бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында дан эгиндеринин 679 миң гектар аянтынын ичинен 673,5 миң гектары же 99,2% жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 658,1 миң гектарга жогору. Республика боюнча дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү 29,6 центнерди түзүп, жалпысынан 1 […]Читать далее
Быйыл Бишкек шаарында 5 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, алар: 110/10 кВ “Көк-Жар” көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука; 110/10 кВ “Орто-Алыш” көмөк чордону – 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулукка; 110/10 кВ “Алтын-Казык” көмөк чордону – 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка; 110/10 кВ “Берлик” көмөк […]Читать далее
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кытай жарандарынын катышуусундагы окуя боюнча пикирин билдирди. Анын айтымында, кечээ жакында курулуш багытында келип иштеп жаткан кытайлык жарандар менен кыргыз жарандары уруша кетишкен. Алар кум-шагыл ташыган унааларды башкарып жүрүп, жол талаша кеткен. Орунбеков белгилегендей, учурда окуяга катышкан кытай жарандарынын өздүгү такталып, укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатат. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Сузактагы “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулуш аянтчасына барып, иштердин жүрүшүн жеринде текшерди. Атайын кызматтан билдиришкендей, ал алгач учуп-конуу тилкесиндеги процесс менен таанышып, подрядчиктерге курулушту тездетүү жана сапатты катуу көзөмөлдөө боюнча талаптарды койду. Ташиев андан соң терминал имаратынын курулушун көрүп чыкты. Жалпы аянты 10 миң […]Читать далее
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун жаңы көп функционалдуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Иш-чарага президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев катышты. Заманбап тейлөө форматы Уюштуруучулардын маалыматына караганда, жаңы борбор ишмердүүлүктүн бардык негизги багыттарын бириктирет: – борбордук кеңсе; – коомдук кабыл алуу жайлары; – […]Читать далее
Эки жылда чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге 350дөн ашык “Мекен-карт” берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 13-мартынан тарта Кыргызстанда чет өлкөнүн жарандыгын алкагын мекендештерге “Мекен-карт” бериле баштаган. Бул Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан. Ишке киргизилгенден тартып 2025-жылдын 31-августуна чейин жалпысынан 403 өтүнмө […]Читать далее
Бүгүн Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы заводго шаардагы катуу калдыктардын алгачкы пилоттук партиясы жеткирилди. Мэриядан билдиришкендей, пилоттук иш-чаранын алкагында 17 атайын унаа бир жолку ташууда 126 тонна катуу таштанды жеткирди. Көлөм 1000 тоннага жеткенде, калдыктарды кайра иштетүү процесси башталып, андан кийин электр энергиясын өндүрүү жолго коюлат. Мэр Айбек Жунушалиев объектти жеке өзү карап чыгып, курулуштун […]Читать далее
Бүгүн биз жарандык авиация кызматкерлери үчүн заманбап турак жай комплексинин курулушуна капсула салдык. «Бүгүн биз кызматкерлер үчүн татыктуу жашоо шарттарын түзүүгө дагы бир маанилүү кадам таштадык. Бул биз үчүн эң маанилүү социалдык долбоорлордун бири». деди «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы. Биз Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы менен 23 даана тогуз кабаттуу турак жай блокторунун курулушун баштап […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы төрөлгөн наристени өлтүрүүгө шектелген 22 жаштагы кыз тууралуу кошумча маалымат берди. Ведомствонун алдын ала маалыматына караганда, шектүү ушул жылдын 11-ноябрында Сокулуктагы үйдө төрөгөнүн билдирген. Анын айтымында, наристе эч кандай жашоо белгилерин көрсөтпөгөндүктөн аны баштыкка салып, таштандыга ыргытып жиберген. “Аял үч ай мурун Москва шаарынан келген. Ош облусунун тургуну, […]Читать далее