Бүгүн Бишкек шаарында Өчпөс оттун жанындагы Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы совет элинин Жеңишинин 79 жылдыгына арналган жыйын-реквием өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы урланбек Шакиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касманбетов, коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик […]Читать далее
Жыл башынын бери Кыргызстандын аймагында 372 миң 246 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, мамлекеттик буджетке 170 млн 75 миң 395 сом өндүрүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, анын ичинен: мас абалында унаа башкарган 4миң 836 айдоочу; автоээнбаштык жасаган 143 айдоочу; тийиштүү документтери жок унаа башкарган 5миң 807 айдоочу; жөө адамдардын катышуусундагы эреже бузуулар […]Читать далее
2024-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленет. Буга байланыштуу Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын Жеңишке кошкон салымы тууралуу кызыктуу фактыларды даярдаган. 1941-жылдын башында өлкөнүн элинин саны, баалоо боюнча, 1946-жылдын башына карата 1 млн 457 миң адамга чейин кыскаруу менен 1 млн 588 миң адамды түзгөн. Кыргызстан аскерге 360 миңден ашык адамды, же өлкөнүн ар […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касымбай Жолдошовдон кабар алып, Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктады. Ошондой эле мэр КР Президентинин атынан 100 миң сом жана Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлык, белектерди тапшырды. Шаар башчысы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине ар дайым өзгөчө көңүл бурулуп, керектүү бардык жардамдар берилерин […]Читать далее
Чүй облусундагы Аламүдүн капчыгайында россиялык үч турист дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Бүгүн ӨКМдин куткаруучуларына “Спорттук туризм федерациясы” коомдук бирикмесинин башчысы Н.Даутов кайрылган. Ал россиялык үч турист 30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген. Изделип жаткан жарандардын экөө 62 жашта болсо, бирөө 58 жашта.Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы буга чейин 2024-жылдын 16-майында саат 10:00дө өтө турган Ш.Термечиков 1 дарегинде жайгашкан Ак-Кула ипподромунун мүлк комплексин аукционго койгон. Турак эмес жайлардын аянты 1818,5 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 45,736 гектарды (457 360 чарчы метр) түзөт. Тиешелүү чечимди муниципалдык менчикти менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия кабыл алды. Белгилей кетсек, көз карандысыз эксперт […]Читать далее
Бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жеңиш майрамын утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Туркенакун Бейшембаевдин үйүнө барып, кабар алды. Төрага ардагерди Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы менен куттуктап: “Сиз согуштун алгачкы жылдары эле майданга аттанып, көп улуттуу өлкөбүздүн бүтүндүгү жана тынчтыгы үчүн каармандык көрсөткөнсүз. Айрыкча Украина, Белрусь, Венгрия, Молдавия, Румыния жана Чехословакиядагы салгылаштарда жасаган […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров тарабынан жыл сайын 250 миңге чейин жумуш орундарын түзүү милдети коюлган. Тапшырманы ишке ашыруунун алкагында эмгек акынын деңгээли көтөрүлүүдө, квалификациялуу адистерге жана жумушчу күчүнө муктаж болгон тигүү тармагы, курулуш, туризм жана экономиканын башка багыттары активдүү өнүгүүдө. Ушуга байланыштуу Эмгек министрлиги тарабынан […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясы “Асанбай” паркынын аймагына заманбап оюн-зоок паркын куруу пландалып жатканын белгилейт. Аталган парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот. Ыңгайлуу кабиналары бар жана бийиктиги 90 метрге жеткен “шайтан араба” аттракционун орнотуу пландалып жатат. Эс алуу аймагы коопсуздук эрежелерине жооп берген аттракциондор менен жабдылып, балдар үчүн акватория ж.б. болот. Учурда иштеп жаткан зоопарк […]Читать далее
Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 млн жолу жүктөлүп алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бул анын Кыргызстандын жарандары арасында актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экенин тастыктайт. “Биз жарандарга көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн абдан ыраазыбыз. Биз мамлекеттик онлайн кызматтарды дагы да жеткиликтүү кылуу боюнча иштерди улантабыз. Жарандардын канааттануусу биз үчүн чоң ийгилик”, – […]Читать далее