2024-жылдын 10-декабрына карата Россияга кирүүсүнө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын саны 73 миң 492 адамды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, алар Россиянын аймагына киргенден кийин административдик укук бузган жарандар. “Кыргызстандыктар “кара тизме” боюнча маалыматты 1899 кыска номери аркылуу текшерип алса болот. Мындан […]Читать далее
Россиядагы 83 миңдей кыргызстандык документтерин 30-апрелге чейин мыйзамдаштырышы керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, 2025-жылдын 5-февралынан тартып, Россия президентинин “Россия Федерациясында айрым чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө” жарлыгы күчүнө кирди. Ага ылайык, мыйзамсыз жүргөн жарандарды “көзөмөлгө […]Читать далее
2025-жылы акысыз юридикалык кызмат көрсөткөн адвокаттарга 139 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, жарандын сотко чейинки доо арызын даярдап берүү жана 1-инстанциядагы сотко катышуу үчүн чыгымдар 15 миң сомду түзөт. “Бардык инстанциядагы сотко катышса адвокатка 30 миң сом айлык берилет. Буга чейин бул тарифтер […]Читать далее
Кыргызстанда мамлекеттик визит менен жүргөн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болду. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин коштоосунда президент Эмомали Рахмон 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын курмандыктарынын мемориалына гүлчамбар коюп, курман болгондордун элесине таазим кылды. Андан соң Тажикстандын президенти залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, маркумга Куран окулду.Читать далее
Быйылкы жылга карата өлкөдө 15 питомник тарабынан мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ошондой эле быйылкы жылы өлкө боюнча жалпы 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Бүгүнкү күнгө карата 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91% түздү. Ал эми өлкө боюнча […]Читать далее
“Kлooп” жана “Темиров Live” тараткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Буга чейин аталган басылмалар атайын кызматтын башчысынын “Насоновское” алтын кенине катыштыгы бар болушу ыктымал деген макала жарыялаган. Буга байланыштуу УКМК аталган кендин жалгыз ээси Кыргызстандын жараны Боотаев Азрет Түркменович экенин, ага карата мурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобундагы ишмердүүлүгү боюнча […]Читать далее
“Ала-Арча” жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышуу учурунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эстеликке белек тартууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Иш-чаранын алкагында комуз чапкан чебер уста Тажикстандын лидерине эки элдин биримдигинин жана достугунун белгиси катары улуттук музыкалык аспапты белекке берди.Читать далее
Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында борбор калаада укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кеңешмеси өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдык көрүү жана башка курч маселелер талкууланды. Мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева майрамдын урматына кандай иш-чаралар пландалып жатканын айтып берди. Калаа башчысы орун басарына Бишкек шаарындагы бардык майрамдык иш-чараларды […]Читать далее
Ош шаарында жарандык комиссия жер титирөө боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Эске салсак, бүгүн саат 09:11де Ош облусунун аймагында күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Мады айылынындагы турак үйдө эки бөлмөнүн ортосунда чийки кыш менен тосулган тосмо кулап түшкөнү кабарланып, жерине жарандык коргонуу комиссиясы барган […]Читать далее
Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Социалдык келишим” программасы менен берилүүчү каражаттын суммасын 150 миң сомго чейин көбөйтүү пландалып жатканын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы социалдык келишим боюнча 23 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. Мындан тышкары, аталган программаны ийгиликтүү ишке ашырган үй-бүлөлөр мамлекеттик банктардан […]Читать далее