Бишкекте жаңы заманбап автобекет салынат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал автобекеттин шаардын сыртына чыгарылышы айылга каттагандар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып, бир аз убакыт өтсө жаңы бекет ишке киргизилерин белгиледи. “Ош” базары аэропортту көздөй кеткен жол жакка заманбап салынып жатканын билесиздер. Жаңы автобекет дагы […]Читать далее
Мелис Аспековдун жалган билдирүүсүнүн чыныгы себептери такталды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал белгилегендей, 2020-жылы Садыр Жапаров боштондукка чыкканда Мелис Аспеков жанынан чыкпай жүргөн. Көп өтпөй шайлоого даярдыктар да башталган. Мелис Аспеков ошол кезде ар кыл иштерге жардам берем деп Садыр Жапаровдун жанындагылар менен […]Читать далее
Маданиятты өнүктүрүүгө 2016-жылы 30 млн сом бөлүнсө, 2025-жылы 3 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов бүгүн Изибаев атындагы мамлекеттик циркинин реконструкциядан кийин орун алган ачылышында билдирди. “2016-жылы ызы-чуу болуп атып маданият тармагына 30 млн сом бөлүнгөн. Ага биз төбөбүз көккө жетип кубандык эле. Бүгүн биз ал […]Читать далее
КР министрлер кабинети 2024-жылдын 30-октябрындагы № 654 токтому менен Кыргызстанды 12 жылдык жалпы билим системасына өткөрүү жөнүндө концепцияны бекитти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Ведомстводон маалымдашкандай, бул документ мектептик окутууну Кыргызстандын алдында турган чакырыктарга жана замандын талаптарына ыңгайлаштырууга багытталган өлкөнүн билим берүү системасында негизги өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө негиз болуп берет. 12 жылдык окууга […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, анда бир эле учурда пайда болгон президентти жана анын жакындарын каралоолорго комментарий берди. “Эки күндөн бери президент жана анын жакындарына каралоо болуп жатканын сиздер дагы көрүп жатсаңыздар керек. Алар камакта жаткан Мелис Аспеков, өлкөдөн чыгарылган журналист Болот Темиров, качып жүргөн Тилекмат […]Читать далее
Жумгалда мал кайтарып кетип дайынсыз болуп жаткандарды издөө иштери бүгүн 07:45те башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен ӨКМден жана ИИМден 81 кызматкер, жергиликтүү жарандар менен жалпы 114 адам жана 6 дрон тартылды. Издөө иштери жеринде министрдин орун басары Урмат Шамыркановдун жетекчилигинде жүрүүдө. Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-октябрь күнү ата-бала […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда эк үй бүлө төрөлгөн үч эмдерден кабар алды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Алгач, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаевалардын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр […]Читать далее
Испаниянын түштүк жана чыгыш аймагында 60тан ашуун адамдын өмүрүн алган мөндүр менен нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. Белгиленгендей, Кыргызстандын Франциядагы элчилиги Испанияда жүргөн кыргыз жарандары менен байланышта. Элчиликтин ыкчам байланыш телефону иштейт, ал аркылуу Испанияда жүргөн […]Читать далее
Бишкектеги “Оберон” жана “Оберон-Форт” базарлары кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, административдик соттун чечими менен жогоруда аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү. Эми алар “Муниципалдык токтотмолор жана базарлар” муниципалдык ишканасы менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштеп, кийим-кече базары катары өз ишин улантат. “Базардын кызматкерлерине базарлардын […]Читать далее
Ветеринардык кызмат объекттерди текшерүүдө 1,3 млн сом айып салды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өлкө боюнча ветеринардык кызматтын көзөмөлүнө тиешелүү болгон 73 миң 242 объект катталган. Орточо эсеп менен алганда бир инспекторго 75 объект туура келет. Экономика жана коммерция министрлиги менен 2024-жылдын 3-кварталына 1290 субъект пландык текшерүүгө макулдашылган. Анын […]Читать далее