Катта-Туз тилкесиндеги Кыргызстандын мунай скважиналары бизде калды. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында билдирди. Парламенттеги жыйында депутат Камила Талиева Катта-Туздагы кытай тарап куруп берген мунай скважиналары Кыргызстанга өттүбү деген суроо узатты. Назирбек Бөрүбаев эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып, скважиналар Кыргызстанда калганын айтты. “Бул жердеги […]Читать далее
Жогорку Кеңештеги кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда “Головной” участогу кыргыз менен тажик тарапка теңме-тең бөлүштүрүлүп, коңшу тарапка 4 метр жер берилгендигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, бул 4 метр жердин ордуна Кыргызстан 750 гектар жер тилкесин алган. “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы 1975-жылдары кыргыз тарап курган. Бирок, эки тарап бирдей пайдаланып келгенбиз. […]Читать далее
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 488,24 чакырым тилкеси акыркы үч жылдын ичинде такталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумуштары 2002-жылдын декабрь айында башталган. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациялары […]Читать далее
Бишкекте мурунку “Фламинго” паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен 8 конок үйү курулууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Каныбек Туманбаевдин айтымында, мурда 99 жылга ижарага берилген жердин ордуна азыр заманбап конгресс-хол салынууда. Бул жер мурда ижарага берилгенден кийин 24 жылдын ичинде […]Читать далее
Депозиттерди коргоо агенттигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-2023-жылдарга карата агенттикте бюджеттин аткарылышына пилоттук финансылык аудит жүргүзүлгөн. Анда ички контролдоо тутумунун ишмердүүлүгү, мыйзамдык ченемдердин сакталышы жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу боюнча бир катар жагдайлар аныкталды. 2023-жылдын 31-майынан сентябрь айына чейин агенттиктин кызматкерлерине күз-кыш мезгилине азык-түлүк […]Читать далее
Бул иш жумалыгы кыргызстандыктар үчүн кыска болот. Быйыл Нооруз майрамы жума күнгө туш келди. Бул календарда кызыл күн катары белгиленген. Ага ылайык, беш күндүк иш жумасында иштеген кыргызстандыктар 21-марттан 23-мартка чейин эс алышат. Кошумчалай кетсек, бейшемби майрам алдындагы күн болгондуктан, иш күнү бир саатка кыскарат.Читать далее
Кечээ эле Хамза аттуу наристебизге, ага чейин Аруузат деген кызыбызга бүтүндөй караламан эл бир билекке биригип, миллиондогон каражатты заматта топтоп бере салды. Түшүнгөнгө бул жөн гана жардам эмес, бул – кыргыз элинин ынтымагынын, биримдигинин, эртеңки келечегинин тирүү мисалы. Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен ооруган балдарга каражат чогултууга карата мындай пикирин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов өздүк […]Читать далее
Орозонун күнүндө мас абалында унаа башкаргандардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинен: тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 718; мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 88; авто унаанын терезелерин мыйзамсыз […]Читать далее
Евробиримдиктин эксперттери жарандык авиация чөйрөсүндөгү олуттуу прогрессти белгилешти. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2006-жылдан бери биринчи жолу Евробиримдиктин эксперттери Кыргызстанга “кара тизме” маселеси боюнча келишти. 10-марттан 13-мартка чейин Андрей Карнелиу Филипоу жетектеген Европалык авиация коопсуздук агенттигинин (EASA) жана Европа Бирлигинин Транспорт жана мобилдүүлүк боюнча башкы директоратынын (DG Move) эксперттери Бишкекте жүрдү. […]Читать далее
Аймактарда электр энергиясынын тарифтери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, түшүндүрүү иштери Ош облусунан башталып, учурда Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарында уланууда. Белгиленгендей, аталган иш-чарага Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, министрликке караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментин жана Кыргызстан улуттук электр тармагынын кызматкерлери катышууда. Жолугушууда энергетика тармагынын кызматкерлери чогулган элге министрлер кабинетинин жаңы […]Читать далее