Anhui Ankai Automobile Co. Ltd. компаниясы менен түзүлгөн келишимдин алкагында Бишкекке эки электробус келе жатат. Мэриядан билдиришкендей, учурда электробустар Торугарт өтмөгүндө турат. Бажы иш кагаздары даяр болгондон кийин Бишкекке алынып келип, терминалга түшүрүлөт. Электробустар айдоочуларды окутуу жана даярдоо, ошондой эле жаңы транспорттук технологияларды көрсөтүү үчүн арналган. Алардын негизги партиясы БШТ МИнин №4 жана №5 базаларынмодернизациялоо […]Читать далее
Кыргызстанда 30-мартта Орозо айт майрамы белгиленет. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан маалымдашкандай, бул күнү Орозо айт намазы өлкө аймагындагы жума мечиттерде окулат. Айт намаздын программасы: Мечиттерге чогулуу саат 06:15те башталып, 07:30га чейин баяндар айтылат. Саат 07:30да Орозо айт намазы окулат.Читать далее
Кыргызстандын жарандары эми ID-паспортун мамлекеттик мекемелерге барбастан онлайн алмаштыра алышат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору Урмат Камбаров билдирди. Анын айтымында, жаңы кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, узун кезектерден арылтууга жардам берет. «Биз жарандар үчүн ыңгайлуу жана заманбап кызматты ишке киргиздик. “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу арыз тапшырып, фото-идентификациядан өтүп жана мамлекеттик төлөмдү […]Читать далее
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси “Түндүк” тиркемесине жаңы функцияны иштеп чыгууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, мындай мүмкүнчүлүк жарандардын аралыктан эле Мамлекеттик ипотекалык компанияга катталып, батир алуу үчүн арыз тапшыруусуна шарт түзөт. “Биз жарандардын мамлекеттик мекемелелер менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөтүүгө умтулабыз. Бул функциянын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу тез жана […]Читать далее
1-апрелден баштап бардык бажы органдарында электрондук документ жүгүртүү системасы иштей баштайт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин бул система борбордук аппаратта гана жер-жерлерде иштесе, азыр бардык жерде ишке ашырылды. “Ал 1-апрелден тарта толук кандуу иштей баштайт. Укук коргоо органдарынын өзүнүн инфодокс системасы бар, биз […]Читать далее
2024-жылы уктоочу бөлмөлөрдү өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында бала бакчаларга кошумча 25645 бала бара баштаган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматта уктоочу бөлмөлөрү өзгөртүлүп түзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын саны – 537, кошумча ачылган тайпалардын саны – 985, иш менен камсыз болгон адамдардын саны – 2131 болгону айтылат. 2024-жылы Кыргызстанда бала бакчага барган […]Читать далее
12-марттан 26-мартка чейин өлкөгө Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Макулдашуу статьяларынын IV статьясына ылайык консультацияларды өткөрүү үчүн Николоз Гигинеишвили баштаган ЭВФтин миссиясы расмий иш сапары менен келип кетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстандын атынан ЭВФте башкаруучу катары анын командасы менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит […]Читать далее
Жаңы Эмгек кодексине ылайык 31-март иш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Белгилүү болгондой, быйыл Орозо айт майрамы 30-мартта майрамдалат. Орозо айт Кыргызстанда эс алуу күнү болуп саналат. Ал быйыл дем алыш күнгө туш келет. Мурдагы Эмгек кодексине ылайык, эс алуу күнү болуп саналган майрам дем алышка туура келсе, ал […]Читать далее
Быйыл өлкөдө буудай өткөн жылдан 4,5 миң гектарга көп себилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, учурда өлкөдө жазгы талаа иштери кызуу жүрүүдө. Республиканын жер айдоо иштерин алгачкылардан болуп Баткен облусунун райондору, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондору, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука, Сузак райондору жана […]Читать далее
Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов проспектисинин И. Ахунбаев көчөсүнөн Семетей көчөсүнө чейинки 4 чакырымдан ашык бөлүгүндө жолду алты тилкеге кеңейтүү жана оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алты тилкелүү туурасы 20 метрден ашык жолдун эки чети жашылдандырылып, андан кийин велосипед жолу менен жөө жүрүүчүлөр учүн жол өз өзүнчө […]Читать далее