Быйылкы жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча учурда өлкөдө 8 миңден ашуун бош жумуш оруну бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетов “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул жумуштарга орношуу үчүн министрликке кайрылуу жетиштүү. Бүгүнкү күндө […]Читать далее
“Тынчтык мыйзамы” сакталганы үчүн шаарда электр энергиясын колдонуу 9 млн 735 миң кВт саатка чейин кыскарды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Калаа башчысынын айтымында, Бишкек шаары үчүн электр энергиясын колдонуу ченеми 10 млн 45 миң кВт саатты түзөт. Бирок, 13-ноябрга чейин бул көрсөткүч 11 млн 133 миң кВт саатка чейин жетип, ченемден […]Читать далее
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн жаңы “Мамлекеттик” тарифтик планы ишке киргизилет. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте мобилдик байланыш операторлору — “Нур Телеком”, “Альфа Телеком” жана “Скай Мобайл” менен өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Аталган келишимдин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн […]Читать далее
Кыргызстанда 40 миң 968 жаран расмий жумушсуз деп катталган. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетов “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, бул мыйзам чегинде документтери туура болуп, расмий түрдө катталган жарандар. Ал эми жалпы жумуш издеп […]Читать далее
Бишкекте эт азыктарын саткан ири ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жолугушуулар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана эт азыктарынын бааларын мамлекеттик жөнгө салуу боюнча киргизилген талаптарды сактоо максатында уюштурулду. Ага Бишкек шаардык мэриясынын, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. 2025-жылдын 11-августунан тартып азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, министрлер […]Читать далее
Ар бир мамлекеттик кызматкер жүктөлгөн милдетти так аткарып, тоскоолдуктарга алаксыбаш керек. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына аркылуу тилектештерине жана кесиптештерине кайрылганда билдирди. Анын айтымында, учурда жаңы бүткөн имараттардын ачылышын жасап жетишпей, бир күндө жүздөгөн ишканалар, социалдык объектилер онлайн ачылууда. Өлкө бюджети 2020-жылы 247,7 млрд сом эле, быйыл […]Читать далее
Күн мурун Кара-Кече кенинде жалпы 445 унаага көмүр жүктөлдү. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн кара отундун жалпы көлөмү 10 190 тонна болду. Бул көрсөткүч Кара-Кече кениндеги иштин туруктуу жүрүп жатканын жана көмүр менен камсыздоонун үзгүлтүксүз экенин далилдейт. Кара-Кече кени калкты жана ишканаларды көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантат.Читать далее
Бүгүнкү күнгө карата кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, республика боюнча кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге айдалган. Мында 500 гектар Талас […]Читать далее
Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин жетекчилиги астында, онлайн форматтагы кеңешме өттү. Кеңешме Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана базар жетекчилеринин катышуусунда өттү. Анын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде […]Читать далее
Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун бала мөөнөтүнө жетпей (ара) төрөлөт. Мындай статистиканы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору келтирди. Оорукананын маалыматы боюнча, мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу абдан кымбатка турган жана татаал процесс. Алардын жашоосу алгачкы күндөрдө жогорку технологиялык медициналык жардамга, адистердин квалификациясына жана коомдун колдоосуна түздөн-түз көз каранды. Борбор белгилегендей, 2004-жылдан бери Кыргызстан […]Читать далее