Министрлер кабинети транспорттук каражаттардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн жыйымдардын баасын убактылуу төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, жыйымдардын төмөнкүдөй өлчөмдөрү белгиленди: 350 эсептик көрсөткүч (35 миң сом) — жеке жактар үчүн; 550 эсептик көрсөткүч (55 миң сом) — юридикалык жактар үчүн; 750 […]Читать далее
Акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 млрд сом (4,14 млрд АКШ доллары) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер тилкелери жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилди. Бул тууралуу УКМКнын коллегиялык жыйынында айтылды. Маалымдалгандай, бул каражаттар толугу менен президенттин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган жана мамлекет башчысынын жеке буйругу менен […]Читать далее
Кыргызстанда кытай технологиясы менен “акылдуу” күнөсканалар курулат. Бул тууралуу бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин катышуусунда “Бай Элим” компаниясы жана Кытайдын Zhongnong Jinda (Hainan) International Trade Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги максаты Кытай компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле […]Читать далее
Жарандар үчүн документтерди тариздөө жөнөкөйлөтүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-январынан тартып 16 жашка толо элек жарандар үчүн жалпы жарандык паспортко документ тапшыруу тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Мындан ары паспортту тариздөөдө жашаган жери боюнча каттоо талап кылынбайт. Мурда мындай талап каралган. Жашы жете элек балага жалпы жарандык паспорт алуу үчүн документ тапшырууда ата-энесинин биринин […]Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бир катар шаарларында уланып жаткан көчө демонстрацияларына байланыштуу өлкө аймагында жүргөн кыргыз жарандарына өз коопсуздугун сактоого чакырды. Ведомствонун маалыматына караганда, терс кесепеттерге жол бербөө максатында ТИМ Кыргызстандын жарандарын массалык иш-чараларга, демонстрацияларга жана нааразылык акцияларына катышуудан баш тартууну, өздүгүн тастыктоочу документти дайыма алып жүрүүнү жана иммиграция статусунун учурдагы абалын жана уруксат […]Читать далее
2025-жылы Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциясынын кирешеси 779 млн сомго жетип, өсүү 141 пайызды түзгөн. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 550 млн сом пландалганы менен жыл жыйынтыгында ал ашыкча аткарылган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 486 млн сомду түзгөн. Белгилей кетсек, дирекция 2024-жылдын 25-мартында түзүлүп, Иш […]Читать далее
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы 28-январдан тартып Индиядан Нипах вирусуна сезимтал жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продукцияны алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар Нипах вирусунун катталышына байланыштуу жана өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Нипах вирусу кооптуу зооноздук инфекция […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 28-январда Кытайдын башкы аналитикалык борбору болгон Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян жана ал жетектеген делегациянын курамындагы тарыхчылар менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун жана тарыхчыларынын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланды. “Биз билгенден, Гао Сян Кытайдын Цин доорундагы тарыхы боюнча чоң окумуштуу. Андан сырткары, Гао Сяндын азыркы эл […]Читать далее
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына мамлекеттик автомектептерде окутуунун баасы канча болорун жазды. “Автомектептер жана айдоочулук күбөлүктөр боюнча акыркы күндөрү коомчулукта көп талаш-тартыштар болуп жаткан. Бүгүн президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде бул маселелердин себептерин ачык жана кеңири түшүндүрүп берди. Буга чейин иштеп келген айрым жеке автомектептердин өкүлдөрү интернет […]Читать далее
2025-жылы Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт түзгөн 8 чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен “Чакан ГЭС” ААКка тиешелүү Кара-Көл ГЭСи 2025-жылдын 27-октябрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда пайдаланууга берилген. Учурда “Чакан ГЭС” ААК Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар гидроэлектростанцияларын куруу иштерин активдүү улантууда. “Бул объекттер ири ГЭСтердин жүгүн толук […]Читать далее