“Ала-Арча” улуттук паркынын 1 жылдык кирешеси 51 миллион сомдон 230 миллион сомго жетти. Мындай көрсөткүчтөр президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевдин башкаруусунда жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу Иш башкармалыктан билдиришти. Бардык аракеттер парктын инфраструктурасын жакшыртууга, аны туристтер үчүн тартылуусун арттырууга жана аймактын экономикалык өсүшүн камсыздоого багытталганы белгиленди. Жаңыланган мейманкалар Жаңылануунун негизги этаптарынын бири – мейманканаларды капиталдык […]Читать далее
16-декабрда ипотекалык үйлөрдүн ачкычы тапшырылат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компания куруп баштаган көп кабаттуу үйлөр арты-артынан бүтүп, колдонууга берилет. Учурда өлкө аймагы боюнча 40 миңден ашык батирлүү үйлөр курулууда. Алардын баасы жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу эки эсеге жакын арзан. “Мамлекет үйгө муктаждарды турак жай менен камсыз […]Читать далее
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж үй-бүлөгө 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Буга чейин 28-октябрда 1989-жылы туулган Н.Жүдөмүшова аттуу жаран 4 бир тууганы ( 4 кыз 1 уул) менен турак жайы жок батирлеп жашап жүрүшкөндүгүн, 2002-жылы туулган жалгыз иниси 1-топтогу […]Читать далее
Кыргызстандын бардык аймактары боюнча 1871 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчанын ичинен 1186 бала бакчада (63,4%) видеокамералар орнотулду. Билим жана илим министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусунда 81 бала бакчада, Ош облусунда – 369, Ош шаарында – 51, Жалал-Абад облусунда – 230, Чүй облусунда – 79, Бишкек шаарында – 115, Ысык-Көл облусунда – 87, Нарын облусунда – 121, […]Читать далее
үгүн Бишкек шаарында 200 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Жалпы чыгымы 420 млн сомду түзгөн 5 кабаттуу жаңы имарат толугу менен Садыр Жапаровдун колдоосу менен табылган инвесторлор тарабынан каржыланат. 1936-жылы курулган №1 төрөт үйү республикадагы алгачкылардан болуп саналат. Учурда репродуктивдүү курактагы аялдардын саны 83 миңден ашкан Бишкек […]Читать далее
Жогорку Кеңештин 11-декабрындагы жыйында мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп ага сегиз депутат – Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди. Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, министрлер кабинети гимндин үч вариантын ЖКга сунуштай турган ведомстволор аралык комиссия түзөт. Кийин алар депутаттык комиссия менен […]Читать далее
Жол тыгындарын жоюу боюнча кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин, Бишкекбашкыархитектурасынын жана район акимчиликтеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жайын өткөрүлдү. Анда ЖКККББнын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Эмил Жакыпов борбор калаабыздагы жол тыгындарын чечүү […]Читать далее
Саналуу күндөрдөн кийин Кыргызстанга Европадан 68 даана жүргүнчү ташуучу автобус келет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, автобустар азыр Кордайга жетти. “Бишкек шаарынын тургундары үчүн жакшы жаңылык. Европадан 3 эшиктүү 68 даана автобус келе жатат, учурда Кордайга келип калды. Аз күндө каттамга коюлат. Бир жыл […]Читать далее
2024-жылдын башынан бери Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте жүргүзүлгѳн иш-чаралардын негизинде өлкө боюнча 7 жаңы муниципалдык мал базарлар курулуп, ишке берилди. Ведомстводон маалымдашкандай, алар Баткен, Ноокат, Токтогул, Тоң, Лейлек, Айтматов, Сокулук райондорунда, ал эми азыркы учурда дагы 5 муниципалдык мал базар курулууда, Ноокен, Кочкор, Ак-Талаа, райондорунда […]Читать далее
Бүгүн, 11-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын аймагына чет жактан мыйзамсыз ташылып келинген автоунаалар боюнча жыйын өткөрдү. Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга президенттин администрациясынын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан Абхазия унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай тургандыгы, […]Читать далее