Бишкекте Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, айт намазынын программасы төмөнкүдөй болот: 06:30–07:00 — Куран окуу жана баяндамалар; 07:00–07:25 — куттуктоо жана Курман айттын артыкчылыктары тууралуу баяндоо; 07:25–07:30 — айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү; 07:30 — айт намазын окуу жана […]Читать далее
1-июлдан баштап Бишкек шаарындагы автобустарда жол кире акысы накталай эмес (электрондук) түрдө гана кабыл алынат. Бул тууралуу калаа башчысы Айбек Жунушалиев журналисттерге “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында билдирди. Мэрдин айтымында, эгерде жарандардын жол кирени накталай эмес ыкма менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда алар автобуска киргизилбейт. Ал ошондой эле кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүктөр (сбой) […]Читать далее
“Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада сыноодон өтүп жаткан Higer үлгүсүндөгү электробусту текшерип көрдү. “Бүгүнкү күндө биз төрт компаниянын Higer, Geely, Yutong жана Zhongtong өндүрүшүнөн чыккан электробустарды сынап жатабыз. Бизге узундугу 8 жана 8,7 метрлик моделдер сунушталды. Учурда дал ушундай кыска электробустарды […]Читать далее
Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо багытында окуу процессин оптималдаштыруу максатында жаңы эрежелер киргизилди. Бул тууралуу Жол кыймылына уруксат берүү институтунан билдиришти. Жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, эми курсанттар үчүн практикалык айдоо сааттары кыйла кыскартылды. Башкача айтканда, В жана С категориялары боюнча практикалык сааттардын көлөмү 70 сааттан 30 саатка азайтылды. Ал эми кайра даярдоо (башка категорияга өтүү) боюнча практикалык […]Читать далее
Акыркы коңгуроо күнүнө карата көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. Мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга, ошондой эле балдардын унаа башкаруусуна уруксат берилбейт. “Бул күнү милиция кызматкерлери өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышат. Акыркы […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 21-майда юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар форумдун жалпы концепциясы, анын аталышы жана талкуулоо темалары заман талабындагы дүйнөлүк тенденцияларга жана актуалдуу чакырыктарга шайкеш келиши керектигин белгилешти, ошондой эле иш-чаранын мазмундук деңгээлин мындан ары жогорулатууга багытталган бир катар […]Читать далее
Ажылыкка кеткендердин коопсуздугу көзөмөлдө турат. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков билдирди. Ал белгилегендей, учурда ажылык сапарда 6060 жаран жүрөт. “Бүгүнкү күндө абал туруктуу болгон үчүн ажылык сапарга даярданган жарандарыбызды аман-эсен жеткирип алдык. Алардын коопсуздук маселеси дайыма көзөмөлдө турат. 19-майда акыркы каттам менен жарандар учуп, 6060 киши […]Читать далее
Кыргызстанда ажылык сапар санариптештирилет. Бул тууралуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков билдирди. Анын айтымында, ажылык сапарга бара тургандар каттоодон өтүп, акча каражаттарын төлөөгө чейинки бардык процесстер электрондоштурулат. Бул үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыгат. “Тиркемеде ажылык сапарга камданган ар бир жаран үйүндө отуруп эле төлөмүн аткарып, кезекке турууга […]Читать далее
Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы консенсус аркылуу “Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен чечүү” аттуу резолюцияны кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, документтин коспонсорлору катары 40тан ашуун мамлекет чыкты. Резолюция Кыргызстан тарабынан Тажикстан жана Өзбекстан менен биргеликте сунушталды. Резолюциянын негизги максаты — аймак өлкөлөрүнүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү: сезимтал маселелерди […]Читать далее
Бишкектеги №18 кесиптик лицейде окуучуга карата орой мамиле жасаган мугалимдин аракетине иликтөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган лицейдин мугалими А.А. тарабынан окуучуларга педагогикалык этикага туура келбеген мамиле жасалып, физикалык күч колдонгондугу боюнча кызматтык иликтөө башталды. “Министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү системасынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан аталган фактыны ар тараптуу жана объективдүү иликтөө […]Читать далее