Муфтият: Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат

 Муфтият: Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат

Бишкекте Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айт намазынын программасы төмөнкүдөй болот:

  • 06:30–07:00 — Куран окуу жана баяндамалар;
  • 07:00–07:25 — куттуктоо жана Курман айттын артыкчылыктары тууралуу баяндоо;
  • 07:25–07:30 — айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча түшүндүрмө берүү;
  • 07:30 — айт намазын окуу жана дуба кылуу.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет. Ал эми 26-май — арапа күнү.

Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири болуп саналат. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даңазалайт.

Связанный пост