Бишкекте айрым жол тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-август саат 20:00дөн 29-август саат 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. “Жол VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык көрүүгө байланыштуу жабылууда”, – деп айтылат маалыматта. Айдоочуларга […]Читать далее
Эми сот органдарына кайрылууда мамлекеттик алымды онлайн төлөөгө болот. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти. Маалыматка ылайык, алымдын суммасын так жана ыкчам эсептөө үчүн sot.kg порталында атайын онлайн-калькулятор иштейт. Аталган сервис арыздын же доо арыздын категориясына жараша төлөнүүчү каражаттын суммасын эсептеп берет. “Төлөмдү аткаруу үчүн жарандар sot.kg порталындагы калькулятор аркылуу алымдын суммасын эсептеп чыгышы керек. Андан […]Читать далее
Бишкекте 2026-жылдын алты айында мыйзамсыз пайдаланылып жаткан муниципалдык жерлерди бошотуу максатында 6 миң 163 объект демонтаждалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Султанбек Сатарбеков жергиликтүү радиого билдирди. Анын айтымында, демонтаждалган объектилердин 2 миң 947си жеңил типтеги, 561и капиталдык курулуштар жана 2 миң 655и жарнамалык конструкциялар болгон. Жалпы 196 миң […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 1-жарым жылдыгында коррупцияга каршы багытталган мыйзамдардын аткарылышы боюнча жалпысынан 12 текшерүү жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 12 прокурордук акты келтирилген. Мекеменин маалыматына ылайык, прокурордук актылардын натыйжасында аныкталган мыйзам бузуулар четтетилип, мамлекеттин пайдасына 716 500 сом акча каражаты өндүрүлгөн жана мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн 2 кызмат адамы тартиптик […]Читать далее
26-августта өлкө боюнча 244 жуп баш кошту. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул күнү өзгөчө кооз датага туура келгендиктен, жаштардын активдүүлүгү жогору болгон. Анын ичинен бир гана Бишкек шаарында 118 түгөй баш кошуп, үй-бүлө отун тутантты. Белгиленгендей, акыркы жылдары жубайлар никеге туруу күнүн пландоодо мындай кооз же эсте каларлык даталарга өзгөчө көңүл […]Читать далее
Бишкек шаарында өтө турган ири эл аралык иш-чаралар — Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу Кыргызстандын ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипке өтөт. Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, жарандардын, расмий делегациялардын, эл аралык иш-чараларга катышуучулардын жана коноктордун коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын 15 […]Читать далее
Уй жана кой этинин бааларын турукташтыруу максатында бардык аймактарда комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда эттин баасынын мындан ары өсүшүнө объективдүү экономикалык негиздер аныкталган жок. Эттин дүң жана чекене баалары, продукциянын өздүк наркы, ошондой эле рыноктогу сунуштун абалына жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында максималдуу баалар иштелип чыкты. Учурда кызмат […]Читать далее
Бишкек, Ош шаарында жана Кочкор айылында “Кино түнү” өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, акция 29-сентябрдан 3-сентябрга чейин созулат. “Кино түнүндө” быйыл орус режиссёрлору тарабынан тартылган төрт тасма көрсөтүлөт. “Буратино” (6+) “Чебурашка – 2” (6+) “Ангелы Ладоги” (12+) “Малыш” (16+)Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Кыргызстанда гилас өстүрүүдө экспортко ылайыктуу “Реджина”, “Стаккато” жана “Скина” сортторун тандоону сунуштады. Министрликтин маалыматына ылайык, аталган сорттор кеч бышат, мөмөсү ири, тыгыз жана ташууга туруктуу болгондуктан рынокто суроо-талап жогору. Дыйкандарга көчөт сатып алууда анын питомнигин, сорттук күбөлүгүн жана фитосанитардык документтерин текшерүү сунушталды. Жергиликтүү шартка ылайыкташкан […]Читать далее
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата Бишкекте даярдык иштери жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, Манас көчөсүндөгү (мурдагы Васильевский тракты) жол түйүнүн реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин алкагында тилкеге илбирстин эстелиги түшүрүлгөн жаңы стела орнотулду. Мындан тышкары, “Аска-Таш” мемориалдык комплексин реконструкциялоо иштеринин жана Манас көчөсүндөгү көпүрө өткөөлдөрүн капиталдык оңдоодо негизги иштер аяктады. Учурда алардын […]Читать далее