“№7 Эл аралык жүк ташуучу автотранспорт ишканасы” ААК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 1,5 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик мүлктү кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаары, Мессарош көчөсү №100/1 дарегинде жайгашкан Транспорт министрлигине караштуу №7 мурдагы Бишкек жүк ташуучу ишканасынын […]Читать далее
Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны 21,9 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, 2025-жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында каттоодо турган жана жумуш издеп жүргөн жумушсуздардын саны 65,4 миңди түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,7 пайызга аз. Анын ичинен расмий катталган жумушсуздардын саны — 45,5 […]Читать далее
Кыргызстанда 28-июль саат 14:00гө карата жогорку окуу жайга тапшыруунун эки турунун жыйынтыгында 23 856 абитуриент катталды. Анын ичинен 5 800дөн ашык бүтүрүүчү акысыз негизде, ал эми 18 миңден ашыгы келишимдик негизде кабыл алынды. “Онлайн абитуриент” тутумунда жогорку окуу жайларга тапшыргандардын саны боюнча маалыматтар жарыяланды. Төмөндө катталган абитуриенттердин саны боюнча ЖОЖдордун алдыңкы ондугу: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз […]Читать далее
Жакында Нарындагы Салкын-Төр капчыгайы туристтерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал аты айтып тургандай эле бул жай салкын, шылдырап суу агып, абасы таза, жайкалган шибер, тоосу толгон карагай-арча экенин белгиледи. “Бул жерге союз мезгилинде эс алуу жайы курулуп, элди тейлеп келген. […]Читать далее
Ысык-Көлдө кол чатыр коюп алып, ижара акы алгандарга чара көрүлөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. “Урматтуу мекендештер, айрыкча Чолпон-Ата жана Бостеридеги туризм менен алектенген жергиликтүү жарандар! Сезон кызуу жүрүп жаткан учурда туристтерден “эптеп эле акчасын алып […]Читать далее
Кыргызстан Кореядан эки тик учак сатып алат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. “Президентибиз Садыр Жапаровдун түз тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин көтөрүү, аны заманбап ыкчам кызмат катары өнүктүрүү багытында иштерди аткарып келе жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга Түштүк Кореядан расмий делегация келип, тик учактарды сатып алуу боюнча келишимдин деталдары менен Техникалык-экономикалык негиздеменин тактоо […]Читать далее
Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууларга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды аталган өлкөлөргө баруудан карманып турууну сунуштады. Ошондой эле министрлик Камбоджа менен Таиланддын аймагында убактылуу же туруктуу негизинде жашап жаткан Кыргызстандын жарандарына этият болууну, коопсуздук чараларын так сактоону жана жергиликтүү бийликтер менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинин сунуштарына кылдат көңүл бурууну суранат. “Өзгөчө кырдаалдар пайда болгон […]Читать далее
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү программасында негизинен салттуу үч багыт – спорт, маданият, илим тармагы боюнча иш-чаралар каралаган. Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин расмий маалымат жыйынында белгилүү болду. Аталган салттуу үч багыт боюнча төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт: Спорт Спорттук программа – этностордун түрлөрүн, салттуу оюндарды, дүйнө элдеринин таймаштарын эл аралык аренада жайылтууга жана […]Читать далее
Электр энергиясын үнөмдөө — ар бир жарандын жоопкерчилиги, – деп жазды президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына. Анын айтымында, ушул жайда Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу көлөмү рекорддук деңгээлге жетти. Бул көрсөткүчтүн өсүшүнө төмөнкү факторлор себеп болду. Завод-фабрикалардын иши жанданды, көп кабаттуу үйлөрдүн саны өстү, өндүрүш тармактары кеңейди. “Энергияга болгон суроо-талап […]Читать далее
22-июлда Кыргызстандын энергосистемасындагы суткалык электр энергиясын керектөө 44 млн 124 миң кВт/с деңгээлине жетти. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКтан билдиришти. Анын маалыматына караганда, бул — тарыхтагы жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет. 2024-жылдын 22-июлунда бул көрсөткүч 36 миллиондун тегерегинде болгон. “Керектөөнүн өсүшүнө ысык аба ырайынан улам кондиционерлердин жана муздаткыч жабдыктардын көп […]Читать далее