Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу […]Читать далее
Азыркы учурда, күндүн каттуу ыссыганына байланыштуу Бишкек шаарынын Ысык-Көл облусуна каттаган жарандардын жана туристтердин каттамы көбөйүүдө. Ошол себептүү, Бишкектеги автобекеттерде Ысык-Көлгө каттаган жеңил унаалардын жана маршруттук унаалардын жетишсиздигине байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кошумча маршурттук унааларды уюштуруп, жүргүнчү ташуучу фирмалардан 30га жакын маршруттук унааларды жана 3 автобустарды сүйлөшүү жолу менен алышып, Бишкек-Чолпон-Ата каттамына […]Читать далее
Түркиянын Ван аймагында жашаган кыргыздарды тарыхый-этнологиялык өңүттө изилдөө иштери уюштурулду
2023- жылдын 1-10- июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памира айылында жашап жаткан кыргыздардын тарыхын , салттуу маданиятын жалпы изилдөөгө алуу максатында тарыхый-этнологиялык өңүттө изилдөө иштери уюштурулду. Иш аракет Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин […]Читать далее
“Жайкы туристтик мезгил-2023” иш-чарасы учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылдын 2-июлунан тарта Ысык-Көлдүн Чолпон-ата шаарында жылып туруучу “Авто Ураган” аппараттык-программалык комплексси ишке киргизилген. Бул аппараттык-программалык комплекссинин жардамы менен Чолпон-Ата шаарынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери одоно жол эрежелерин бузган баардыгы 29 авто унааларды аныкташып, атайын айып короо жайына токтотушту. […]Читать далее
Бүгүн, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору Сүйүнбек Усенов, КУЭТ тарабынан бөлүнгөн 9 даана жаңы авто унааларды район электр тармактар ишканаларына тапшырды. Сүйүнбек Усенов, өз сөзүндө техникалардын берилиши жумуштун сапатын жакшыртууга, калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт деди. Күз-кышка карата камылгаларды тиешелүү деңгээлде жүргүзүп, керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого болгон […]Читать далее
2023-жылдын 17-19-июль күндөрү ысык аба-ырайы сакталып, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 33…38° чейин болушу күтүлөт. Мындай кургак ысык аба-ырайы учурунда зарылчылык болбосо сыртка чыкпаганга аракет кылыңыздар. Айрыкча жүрөк, жогорку кан басым, калкан без оорулары менен жабыркагандар сак болуусу зарыл! Ал эми өсүмдүктөрдү кеңири сугаруу сунушталат.Читать далее
Талас шаарында “Өспүрүм-эмгек” рейди жүрүүдө. Бул туралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады. Рейддин максаты эмгекке тартылган жаш өспүмдөрдү аныктоо, алардын ата-энелерине жана жумуш ордун камсыздап берип жаткан физикалык жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Өспүрүм балдар акча табуу, мектепке даярдануу максатында ар кандай жумушка иштеп үй бүлөсүн жана өзүн багууга аракет кылышат. Бирок кээ […]Читать далее
Ош шаарынын тургуну, 1995-жылы туулган Эрмахаммат Тожимахаммат 2023-жылдын 4-майында велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Саудияга жетип, мусулмандык парзын аткарып, бүгүн 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты.Читать далее
Нарын шаарынын ички көчөлөрү ирээти менен оңдолуп, шаардын инфраструктурасы жакшырууда. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. КРдин Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Нарын шаарынын ички көчөлөрүн оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда аны “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жүргүзүүдө жана андагы 43 көчөнүн 18инде асфальт төшөө иштери аяктады. Ал эми калган 10 […]Читать далее
Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат. Эскерте кетсек, Тез Жет авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.Читать далее