Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, Бишкек шаарынын Т.Усубалиев аянтында ыйык Орозо айт майрамына байланыштуу айт намазга катышты. Мамлекет башчысы майрамдык айт намазды миңдеген кыргызстандыктар менен бирге, чогуу окуду.Читать далее
Билип туруп даярдалып жаткан жардыруу жөнүндө жалган кабарлоо – беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Бул тууралуу КРнын ИИМнин басма сөз кызматы эскертти. “Бомба жөнүндө билдирүү менен сиз коомдук коопсуздукка кол салып, уюмдардын жана ишканалардын нормалдуу ишин бузуп, укук коргоо органдарынын олуттуу күчтөрүн жана каражаттарын башка жакка буруп, конкреттүү жарандардын кызыкчылыгына зыян келтиресиз. Сиз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын улуттук лидери, архитектору жана негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференцияга катышты. Мамлекеттик катчы маарекеге карата Кыргызстанда Гейдар Алиевдин өмүр жолуна арналган жолугушууларды өткөрүү, сүрөт көргөзмөсүн ачуу, даректүү кинотасмаларды көрсөтүү, улуттук жана диаспоралар аралык концерттик программаларды уюштуруу […]Читать далее
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2023-жылдын 24-апрелинен 28-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 129-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3899-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет. КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүзгү сааттарда иш жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00дөн 15:00гө чейин […]Читать далее
Ош шаарында салык төлөөчүлөрдү колдоо максатында Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борбору иштей баштады. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Расмий ачылышка Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышты. Борбордун ишинин негизги максаты – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана лицензиялык-уруксат берүүчү документтерди берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, аларды алуу мөөнөттөрүн кыскартуу, ишкерлерге […]Читать далее
«Аэрофлот» авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын май айында жүргүнчүлөр үчүн Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды кайрадан жандантууну максат кылууда. Бул тууралуу “Манас эл аралык аэропорту” ААКнан билдиришти. Биринчи каттам болжол менен 2-майда аткарылат. Ысык-Көлдөн Москванын «Шереметьево» аэропортуна жумасына 2 жолу аба каттамдар аткарылаары күтүлүүдө.Читать далее
Кыргызстан-бул өлкөнүн орус тилиндеги туура аталышы, аны анын тургундары көптөн бери колдонуп келишкен жана эл аралык коомчулук тарабынан таанылган. Өлкө 30 жылдан ашуун убакыттан бери көз карандысыз болгонуна карабастан, көптөгөн орус тилдүү ЖМКлар, блоггерлер жана расмий бийликтер туура эмес аталышты – Киргизия деп атап улантууда, муну чет өлкөлүк орус тилдүү популярдуу влоггерлердин видеолордон көрсөк болот. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарындагы коомдук транспортту тейлеген муниципалдык ишканалардын жана жеке ташуучу фирмалардын жетекчилери жана бригадирлери менен жолугушуу болуп, ал жолугушууга президенттин кеңешчиси Болот Ибрагимов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ырааттамада каралган токтоочу аялдамаларда гана жүргүнчүлөрдү алуу жана түшүрүү, 10 күндүк мөөнөттө каттамдардын номерлеринин арткы көрсөткүчүн орнотуу, ошондой эле GPS-трекерлер […]Читать далее
Бомба тууралуу маалымат түшкөн үчүн Бишкекте эртең менен 9 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-апрелде саат 07:29 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына №33 мектеп-гимназиясынын электрондук дарегине бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине дароо Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу, Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери жана райондук […]Читать далее
2023-жылы энергетика тармагын каржылоого 31,1 млрд сом өлчөмүндө каражат каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттар 21,9 млрд сом, атайын эсептин каражаттары 26,4 млрд сом жана мамлекеттик инвестициялар 9,1 млрд сом. Бул тууралуу КРнын Каржы министрлигинин басма сз кызматы билдирди. «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,5 млрд сом каралган. 2023-жылдын 1 апрелине карата 800,9 млн сом […]Читать далее