“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүү динамикасы тууралуу айтып берди. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тартып төмөнкү адамдарга социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйтүлдү: – майыптыгы бар балдарга – 4миң сомдон 8 миң сомго чейин; – ата-энесинин биринен ажыраган балдар – 1 миң сомдон 2 миң сомго […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Базар-Коргон райондорунун жашоочулары үчүн 2022-жылдын 18-июлунан тартып 12-августуна чейин өтө турган «Акысыз укуктук жардам» акциясынын башталышы жөнүндө жарыялайт. Иштин максаты – акыйкаттыкка, укуктун үстөмдүгүнө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу. Ал эми иш-чаранын максаты жарандарга ар кандай укуктук жана социалдык маселелер боюнча консультациялык-укуктук […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти. Ведомствонун маалыматына ылайык, сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоонун: – I туру – 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин; – II туру – 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин; – III тур […]Читать далее
Аламүдүн районунда авто унаалардан баалуу буюмдары уурудап жүргөн жаран кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан авто унааларды ачып ичиндеги буюмдарды уурдоого шектүү жаран кармалган. 2022-жылдын 25-июнунда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө унаасынын айнегин сындырып, 18 000 сом акча каражатын жана алтын буюмдарын уурдап кеткен белгисиз адамга […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөрүн угуу жана ыкчам чечүү максатында Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда. Жыйынга райондун 300гө чукул тургуну катышууда.Читать далее
2022-жылдын 11-июлунда Адамүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам-тергөө тобу дароо барып, бул адамдын өздүгү тактап, ал 1979-жылы туулган К.К. аттуу жаран экенин аныкташкан. Ал жерде бул адамдын бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга чара […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи утушундагы эки байге (iPhone 13 жана микротолкундуу меш) боюнча жыйынтыгын жокко чыгарды. Лотереянын ведомстволор аралык байкоочу комиссиясы да мындай чечимге келди. Жеңүүчүлөрдүн катышуу шарттарын сактоосун текшерүүдө аныкталгандай, эки байге ээси лотереянын талаптарын бузууга жол беришти. Тактап айтканда, Бекмырза Улугбеков башкы бухгалтер болуп иштеген уюмдун […]Читать далее
«Ихсан» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандар бардык милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болот
«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин ишмердүүлүгүнөн жабыркаган жарандар бардык милиция бөлүмдөрүнө кайрылса болоорун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана негиздөөчүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат. Кооперативдин күмөндүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жарандарга 121 313 950 сомдук зыян келтирилген. […]Читать далее
Бүгүн, 13-июлда,Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө “Алтын сертификаттарды” тапшырууга байланыштуу салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара УТРКнын, республикалык телеканалдардын жана социалдык түйүндөрдүн баракчаларынын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир башталышы болжол менен 18:00.Читать далее
Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 12-июлда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган. 13-июль күнү улантылат.Читать далее