Тилеке-Баатыр көчөсүнүн Нурматов көчөсүнөн баштап А. Навои көчөсүнө чейинки аралыкта Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоорунун 2-этабы натыйжалуу ишке ашырылууда. Долбоорго ылайык, узундугу үч чакырымга жакын жерге жарандардын эс алуусуна ылайыкташтырылып, заманбап жарыктандырылып, 14 терраса, жашыл аймактары бар кичи аралдарды орнотуу каралган. Жумуштун аяктоо мөөнөтү 1 жыл. Белгилей кетсек, аталган долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан […]Читать далее
Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилип, дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басуу жумуштары аяктады. Пландалган иштер мөөнөтүнөн мурда бүтүп, буга чейин киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынды. Бардык унаалар 2-август, саат 16:00дон тарта тоннель аркылуу тоскоолдуксуз өтө баштады. Жакынкы күндөрү тоннелдин кирип-чыгыш жерлерин көрктөндүрүү иштери жүрөт. […]Читать далее
2023-жылдын 5-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде “Kымыз-FEST-2023” этнофестивалы өтөт. Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат. Кароо- сынактын жыйынтыгы менен […]Читать далее
Ош шаарынын Н.Исанов көчөсүнүн 52 дарегинде У. Белекбаев аттуу жаран өз билемдик менен Ак-Буура дарыясынын жээгинде таш бетондон уруксатсыз курулуш жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Тактоо учурунда, жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын суу корук аймагы болуп, курулушка тиешелүү архитектуралык уруксат иш кагаздары жок болуп чыкты. Мындан улам, курулуш жүргүзүп жаткан жеке тарапка өз эсебинен бир күн аралыгында бузуп […]Читать далее
Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды. Башкармалыктын кызматкерлери «Тазалык» МИ кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда. Алсак, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1400 чарчы метрди […]Читать далее
Бишкек электр тармактар ишканасы 220/110/10 кВ “Главная” көмөкчордонунун кубаттуулугун жогорулатууда
Керектөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн өсүшү да байкалууда, бул электр жабдууларынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизет. 2023-жылы январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам быйыл, пландалган рекоснтрукциялоо иштердин негизинде көмөкчордондун кубаттуулугун көтөрүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Электр тармагына кубаттуулукту көбөйтүү жана жүктү азайтуу максатында Бишкек электр […]Читать далее
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-августта саат 12:01де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал эми Жумгал районунун Сары-Иймек жана Кара-Кече айылдарында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Кечээ, 2023 – жылдын 1-августунда саат 21:18де “Балыкчы-Бишкек” каттамында Дмитриевка – Кант станциясынын участогунда №609-поездде окуя болгон. Окуяга себепкер болушкан белгисиз адамдар көчө тараптан вагондордун айнектерин сындырышкан. “ВИП”, “Люкс” вагондорунун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул иш-аракет жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди. “Кыргыз […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2023-жылдын I-жарым жылдыгынын жыйынтыгы жана 2023-жылдын II-жарым жылдыгына карата милдеттери, Ысык-Көл, Тоң райондук мамлекеттик администрациялардын, Каракол шаардык мэриясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук тартиби жөнүндө маалыматтарын угуп, талкуулап жана пикир алмашуу менен Ысык-Көл облустук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөндөгүлөр […]Читать далее
2023-жылдын 1-августунда Бишкек шаарын ыштан арылтууну алдын алуу максатында ЖЭБдин айланасында Казакстандан келген Д маркасындагы 12774 тонна Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясын текшерүү максатында экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери менен биргеликте көмүрдүн үлгүлөрүн анализге өткөрүү үчүн алынды. Көмүрдүн сапатына контролду күчөтүү үчүн жыл сайын жылытуу мезгилинин башталышы менен ЖЭБде көмүрдүн сынамыктарын алуу үчүн экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери […]Читать далее