7-8-август күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, бул күндөрү көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги […]Читать далее
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 31-июлдан тартып, 6-августка чейин, 21 129 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-196; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -251; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 565; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 311; -Авто ээнбаштык – 9; -Белгиленген ылдамдыктан […]Читать далее
Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын Ташкент-Ысык-Көл багыты боюнча каттам салтанаттуу түрдө
2023-жылдын 5-августунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ташкент-Ысык-Көл-Ташкент багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Салт боюнча «Silk Avia» авиакомпаниясынын ATR 72-600 учагын суу аркасы менен тосуп алышты. Ташкенттен жаңы каттам менен «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна 56 жүргүнчү учуп келсе, 56 адам кайра Ташкентке учуп кетмекчи. Белгилей кетсек, бул жаңы Өзбекстандык «Silk Avia» авиакомпаниясынын биринчи […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жеке ассистенттентердин саны 13 657 адамды түздү. Алар 13 373 чоңдорго жана майып балдарга кызмат көрсөтүшөт. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында 8 366 адам жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн акы алышкан, алар 8 493 чоң кишилерге жана майыптыгы бар балдарга кызмат көрсөтүшкөн. 2023-жылы […]Читать далее
Бүгүн, 5- августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуӊкурчак жайлоосунда “Kымыз-FEST – 2023” этнофестивалы өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана ар аймактан келген жүздөгөн мейман катышууда. Этнофестивалдын жүрүшүндө […]Читать далее
Ошто өтө турган президенттин кубогу 24-августта башталат, ал эми финалдык беттеш 31-августта өтөт. Ал эми 13-августтан 20-августка чейин Ысык-Көлдүн жээгинде көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө кубогу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Венгрия, Россия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, бир жарым жылдан бери Бишкекте 450дөн ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык келишим түзгөн. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-августта борбор калаанын мэриясында өткөн 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземинде билдирди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Дастан Бекешев, биринчи вице-мэр Мирланбек Байгочоков катышты. […]Читать далее
Бүгүн, 4-августта, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Германиянын ИИМине караштуу федералдык Өкмөттүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим штампы менен кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Жолугушууга ошондой эле иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин башчысы Зигфрид Баумлер, Федералдык канцлериянын тышкы миграция саясаты бөлүмүнүн башчысы Александр Юнг катышты. «Эмгек министрлигинин артыкчылыктуу милдети […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин уюштуруусунда 2023- жылдын 10-11- август күндөрү Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” өтөт. Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген форум дүйнөлүк маданиятка жана адабиятка зор таасир тийгизген кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана калтырып кеткен мурасына арналып, ал өзгөчө орун ээлеген […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев муниципалдык лифттерди модернизациялоо боюнча иштердин жүрүшүн текшерди. Көчмө иштин алкагында куруучулар шаарчасындагы жана «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу турак үйлөргө барды, аларда 7 жүргүнчү лифтин алмаштыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Көчмө жыйындын жүрүшүндө “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиевге 100 лифтти 2023-жылдын […]Читать далее