22-сентябрда Бишкектин 3 конушунда суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрү, темир жолдун жээгиндеги аймак, Алтын-Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы конуштарында суу болбойт. “Ичүүчү суу “Контррезервуарлар” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулмакчы”,-деп айтылат маалыматта.Читать далее
Мамлекеттик мектептердин окуучуларына бекер жетиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча текшерүү башталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мектепке жетиши керек болгон китеп базарга кантип чыгып кетти деген суроолордун ар бирине так жооп берилиши керек. “Канча китеп басылды, ким кабыл алды, кайда жөнөтүлдү, кайсы мектепке канчасы жетти жана […]Читать далее
Китептер тууралуу маалымат Агартуу министрлигинин сайтында ачык жарыялануусу зарыл. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек. Аскат Алагөзов белгилегендей, ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, […]Читать далее
Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири — жолдордогу унаалардын санынын кескин көбөйүшү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калаада 550 миңден ашык унаа расмий катталган. Мындан тышкары, күн сайын шаардын четиндеги аймактардан борбор калаага болжол менен 200 миң унаа кирип чыгат. “Демек, күн сайын […]Читать далее
Түштүк Кореяда расмий иштеген 126 кыргызстандык пенсиялык топтомун алды. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, пенсиялык топтомду алуу үчүн жалпысынан 151 жаран кайрылган. Алардын 126сына каражат төлөнүп берилсе, 25не арыз боюнча чечим чыга элек. Бир жаранга которулган каражаттын орточо өлчөмү 3 миң 789 долларды түзгөн. Социалдык фонддун маалыматына караганда, Түштүк Кореяда иштеп жүргөндө айлыгынан […]Читать далее
“Социалдык контракт” долбооруна катышкан үй-бүлөлөр 57 миңге жакын кошумча жумуш ордун түзүүгө жетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, учурда долбоор 280 миң жашы жете элек баланы камтыйт. “Социалдык контракт” долбоору жөлөк пулга көз каранды болбостон, аз […]Читать далее
Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын негизги себептеринин бири — жолдордогу унаалардын санынын кескин көбөйүшү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калаада расмий 550 миңден ашык унаа катталган. Мындан тышкары, күн сайын шаардын четиндеги аймактардан борбор калаага болжол менен 200 миң унаа кирип чыгат. “Демек, күн сайын […]Читать далее
Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын электр энергиясын өндүрүү менен утилдештирүүчү заводго ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, ага ведомствонун адистери дагы катышты. Заводго болгон иш сапардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын полигону комиссиялык негизде текшерилип, ошондой эле заводдун технологиялык процесси менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Маалыматка ылайык, заводдун […]Читать далее
Бүгүн, 18-сентябрда “Бишкек Арена” стадионунда чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Буга байланыштуу көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан стадионго шаттл-автобустар уюштурулду. Мэриядан билдиришкендей, көрүүчүлөрдү жеткирүүнү үчүн 250 шаттл-автобус тартылат. Концерт саат 19:00дө башталат. Ал эми шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен каттайт: №1 шаттл-автобус: Асанбай кичирайону (А. […]Читать далее
Кыргызстанда эттин баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана ички рынокто баа туруктуулугун камсыз кылуу максатында уй жана кой этине максималдуу дүң жана чекене баалар сунушталууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган баалар малды багууга, сатып алууга, ташууга, союуга жана этти сатууга чейинки чыгымдарды талдоонун негизинде сунушталууда. Бул баалар рыноктун катышуучулары, […]Читать далее