Соцконтракт: 57 миң жумуш орду түзүлүп, жөлөк пул алгандардын саны азайды

 Соцконтракт: 57 миң жумуш орду түзүлүп, жөлөк пул алгандардын саны азайды

“Социалдык контракт” долбооруна катышкан үй-бүлөлөр 57 миңге жакын кошумча жумуш ордун түзүүгө жетишти. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоор 280 миң жашы жете элек баланы камтыйт.

“Социалдык контракт” долбоору жөлөк пулга көз каранды болбостон, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өз ишкерлигин баштап, киреше табуусуна шарт түзүп жатат. Долбоорго катышкан айрым үй-бүлөлөр өздөрүн гана эмес, башка жарандарды да жумуш менен камсыз кылууда.

2022-жылы жөлөк пул алуучу үй-бүлөлөрдүн саны 105 миңди түзсө, бүгүнкү күндө 40 миң 800 жаранды түзүп жатат. Бул жөлөк пул алуучулар бир гана жөлөк пулдун көзүн карап отурбастан, өздөрүнүн ишкерлигин баштоого активдүү катышып, динамиканы төмөндөтүүгө көмөк көрсөтүүдө”, – деди ал.

Токтосуновдун белгилешинче, “Социалдык контракт” долбоору жумушсуздукту жана жакырчылыкты азайтууга багытталган негизги механизмдердин бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, долбоор 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон жана каттоодо турган үй-бүлөлөргө, ошондой эле айыл өкмөттөрдө каттоодо турган жакыр үй-бүлөлөргө багытталган.

Связанный пост