Бишкекте 18-августта уз айымдар арасында 2022-жылдын мыкты шырдакчысын аныктаган сынак өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймагынан келген салттуу кол өнөрчүлүктүн сүйүүчүлөрү катышууда. Уюуштуруучулардын айтымына караганда, сынактын негизги максаты – уз айымдарга шык берүү жана кыргыз шырдагынын көрктүүлүгүн арттыруу. Белгилей кетсек, сынакты Kyrgyz Handmade “Байбол” этно-чайханасы менен биргеликте биринчи жолу уюштурган. Саамалыкты жыл сайын өткөрүп туруу […]Читать далее
Жалал-Абадда дөңгөлөк саткан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Такталган маалымат боюнча, Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында дөңгөлөк саткан дүкөн күйүп жатат деген кабар түшкөн, жерине саат 06:14 бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Күйүп жаткан өрттүн көлөмү чоң болгонуна байланыштуу жардамга “Кыргызнефтигаз” ААКтан эки даана өрт өчүрүү автоунаа жана […]Читать далее
Бүгүн, 18-августта КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин төртүнчү жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга барды. Ведомстводон билдиргендей, Өзбекстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында 17-18-августта Ташкентте ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлеринин 4-жыйыны өтөт. Аталган кеңешмеге ШКУга мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрликтеринин, […]Читать далее
Шаардык муниципалитетте калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыровдун, калаанын транспорт, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Бактыбек Абдиевдин түркиялык «Кузу групп» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Борбор калаада социалдык турак- жайларды куруу, ошондой эле шаардык канализацияны башкаруу жана биргелешкен кызматташтыкты чыңдоо боюнча пландар талкууланды. Маалымат үчүн: «Кузу групп» жылдык жүгүртүүсү 350 миллион АКШ долларынан ашкан Түркиядагы алдыңкы подряддык […]Читать далее
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы Алжирде өтүп жаткан “Десанттык взвод” мелдешине катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Билдирүүгө караганда, “АРМИ-2022” оюндарынын алкагында 14-26-августта Алжирде “Десанттык взвод” мелдеши өтүүдө. Мелдеш төрт этаптан туруп, Кыргызстандын курама командасы 1-дивизиондо беттешет. Команданын курамында офицерлер, сержанттар жана Рязань гвардиялык аба-десанттык командалык окуу жайында окуган кыргыз курсанттары бар. Мелдешке жалпысынан 18 […]Читать далее
“Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече” долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы – узундугу 63 км түзгөн “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун участогун куруу жумуштары аткарылууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 2022-жылга карата 5 км темир жол куруу мерчемделген, учурда жумуштун 70 пайызы бүткөрүлдү. Ишкана жылдын аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары дагы 3 чакырым темир […]Читать далее
Октябрь администрациясы шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жума сайын райондун аймагында мыйзамсыз көчө соодасын токтотуу боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө. Октябрь районунун башчысы Азамат Дороевдин тапшырмасы боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасы, Октябрь районунун ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясы “Ынтымак-2” паркында мыйзамсыз башаламан соода-сатыкка каршы текшерүү жүргүзүштү. Рейддин […]Читать далее
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери троллейбус айдоочуларынын мыйзамсыз караңгылатылган айнектерин аныктоо боюнча рейд өткөрүштү. Мериядан билдиргендей, эки күндүн ичинде 140 троллейбус каралды. Караңгылатылган айнек табылган айдоочулар менен жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. Алардын ичинен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн күн сайын каттамга 135-140 троллейбус чыгат.Читать далее
Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык милиция бөлүмүнүн демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык автивдердин, айыл тургундарынын катышуусунда “Кара-Куурай” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында баңгизаттарды жасоонун, сатуунун, […]Читать далее
Шаардык муниципалитеттин жыйындар залында биринчи вице-мэр Мирланбек Байгончоковдун төрагалыгы алдында “Мыкты шаардык долбоорлор конкурсунун” жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сынакта байгелүү орундарды ээлеген катышуучуларга тиешелүү акчалай сертификаттар тапшырылды. Мирланбек Байгончоков жеңүүчүлөрдү куттуктап, бардык катышуучуларга Бишкек шаарынын бакубаттуулугун жакшыртуудагы активдүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле мындан аркы ийгиликтерди жана чоң жетишкендиктерди каалады. Белгилей кетсек, конкурска […]Читать далее