Жыл жаңыргандан бери мугалимдерге бериле турган “Алтын казык” брендиндеги ноутбуктардын техникалык талаптарга шайкештиги текшерилүүдө. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнү компетенттүү адистерден турган комиссия жүргүзүүдө. Комиссия мүчөлөрү ноутбуктарды иштетип көрүп, аларга жүктөлгөн программалык продуктылардын актуалдуулугун текшерип, техникалык талаптарга шайкештигин аныкташууда. Коюлган талаптарга жооп берген ноутбуктардын алгачкы партиясы бүгүн, 22-январда Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө […]Читать далее
Бишкек шаарынын аймагында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалап, туз себүү иштерин жүргүзүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 16:00го карата нөөмөттө 90 бирдик атайын техника жана 700дөн ашуун ишкананын кызматкерлери иштеп жатат. Белгиленгендей, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан тазалоого МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу 43 машина, 10 даана Шахман (комбинацияланган жол техникасы), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана […]Читать далее
“Кыргыз темир жолу “мамлекеттик ишканасы 36 жаңы вагон сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын директорунун орун басары Дастан Усубакунов Транспорт жана коммуникация министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, учурда темир жол каттамдарындагы вагондорду жаңылоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. “Биздин вагондор эскиргендиктен аларды алмаштыруу керек. Албетте, оңдоого боло тургандарын оңдоп […]Читать далее
Бишкектеги 109 мектепке адамдын жүзүн таануу функциясы бар камералар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, камераларды орнотуу иштери эки жылга созулган. Учурда айрым мектептерде иштей баштаса, кээ бирлеринде аларды туташтыруу иштери жүрүп жатат. Ички иштер башкы башкармалыгы бул иш-чаралардын максаты балдардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтып, ар бир мектепте […]Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин кызматкерлери тарабынан айыл чарба малдарынын жана үй канаттууларынын санагы жүрүп жатат. Ведомстводон билдиришкендей, учурда Нарын, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Баткен облустарына малдарды эсептөө боюнча контролдук иш чараларды өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы февралдын аягына чейин чыгарылат. Эске салсак, былтыркы санакта […]Читать далее
Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчилигине бир катар маанилүү тапшырмаларды берди. Берилген тапшырмалар компаниянын ишин жакшыртууга жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. 1. Коррупциянын алдын алуу – МИКтин кызматкерлерин коррупцияга аралашпоо үчүн алдын алуу чаралары тапшырылды. Мындай чечим компаниянын ишенимдүүлүгүн камсыздоо жана жарандардын ишенимин бекемдөө максатында кабыл алынган. […]Читать далее
Бишкектеги мурдагы мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү, 193а дарегиндеги “Ак-Кеме” бала бакчасынын жанында жайгашкан аянты 314 чарчы метр мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имараты мамлекеттик менчиктен (приватташтыруунун) мыйзамсыз чыгарылган фактылар аныкталган. Тактап […]Читать далее
“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жолдоруна карды тазалоо жана туз себүү иштерин баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 13:00гө карата линияга 44 атайын техника чыкты, 55 тонна техникалык туз колдонулган. Белгиленгендей, МАЗ үлгүсүндөгү 5 кар тазалоочу унаа, 5 даана Шахман КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 2 даана фронталдык жүктөгүч, 24 даана щетка жана күрөктүү “Беларусь” трактору, 4 даана УКМ-2500 […]Читать далее
2025-жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлиги артыкчылыктуу бир катар долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Аталган министрликтин маалымат жыйынында белгиленгендей, республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу, Бишкек –Ош жолунун Суусамыр тилкесин (100 чакырым) оңдоо, Ош – Баткен – Раззаков жолунун (28 чакырым) калган бөлүгүн куруу, Лебединовка ГЭС 5 жолун реконструкциялоо, Кырчын жайлоосуна баруучу жолду капиталдык […]Читать далее
2024-жылы Кыргызстанда 1 миң чакырымдан ашуун жол оңдолду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында маалымдалды. Белгиленгендей, анын 802 чакырымына асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, өткөн жылы 17 көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Нарын – Баетов, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка, Ош – Баткен – Раззаков […]Читать далее