Орозбек Шарабидин уулу Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Дайындоо КРнын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык жүргүзүлдү. Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Шарабидин уулу Орозбек Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде билим алган. Буга чейин Кыргыз Улуттук “Кабар” маалыматтык агенттигинде, “ЭлТР” МТРКсында эмгектенген.Читать далее
Акыркы маалыматтарга таянсак, быйыл суу кырсыгынан 52 адам каза болду. Сууга чөккөндөрдүн катарында эркек, аял, өспүрүмдөр ал тургай, наристелер да бар. Өткөн жылга салыштырмалуу бул сан 25%га өскөн. Тактап айтканда, 2022-жылдын 6-июлуна чейин көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун саны – 39ду түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын 27-июнунан 3-июлуна чейинки сандарга көз […]Читать далее
2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекеттик стратегиялык энергетика ишканаларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында 2023-жылы “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААКнын уставдык капиталын көбөйтүүгө 10,8 млрд сом каралган. Ошондой эле 2024-жылга 55,8 […]Читать далее
2022-жылы жол инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 20 миң тонна битум жана 32 жол куруу техникасы алынган. «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жол-курулуш техникасынын паркын жаңылоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылга чейин жалпы суммасы 4,8 млрд сомго жол куруу техникасын жана жабдууларын сатып алуу чечимин кабыл алган. Ал эми 2023 жылга Жол фондунун эсебинен жол […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров “Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун салтанаттуу ачылышына катышууда. Мэр, “Астана – келечектин шаары” форумунун катышуучуларын кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтуу менен Астананын 25 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап жатып, эзелтен кыргыз-казак бир тууган, ата-бабалардын улуу мурасын улоо, […]Читать далее
Биринчи май районунда окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруунун алкагында №75 мектептин базасында сыйлык тапшыруу аземи өттү. Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди акимдин орун басары Рахат Мусаева тапшырды. «Милициянын жаш досу-2022» сынагында: – 1-орунга ноутбук жана Ардак грамота №41 мектептин командасына тапшырылды; – 2-орун үчүн музыкалык колонка жана диплом №75 мектептин командасына берилди; – 3-орун үчүн №28 […]Читать далее
Бүгүн, 5-июлда, «Чакан ГЭС» ААКга караштуу Бала-Саруу гидроэлектростанциясынын аймагында аталган акционердик коом менен Россия-кыргыз өнүгүү фонду ортосунда ГЭСтин курулуш иштерин соңуна чыгаруу үчүн каржылоо бөлүү боюнча кол коюу аземи өттү. Иш-чарага Россия-кыргыз өнүгүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, КР ПРезидентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана башка чакырылган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстандын медиа тармагында болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөр туурасында пикир алмашуу болду. Негизинен, ЕККУ өкүлү Кыргыз Республикасынын “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору менен учурда таанышып жатканын жана анын […]Читать далее
Сауд Арабиясынын Flynas авиакомпаниясы 2023-жылдын август айында Джидда-Ош-Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды ачууну максат кылууда. «Ош» эл аралык аэропортунан Абдулазиз падыша эл аралык аэропортуна туруктуу каттам биринчи жолу ишке ашырылат. Жаңы багыт боюнча биринчи авиакаттамдын болжолдуу убактысы 2023-жылдын 21-августу. Джиддага каттамдарды Airbus A320neo учактары менен жумасына 3 жолу аткарылышы күтүлүүдө.Читать далее
Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев Кыргыз-Кытай инвестициялык бирикмелер палатасынын башкы катчысы Чжао Сюуцзюнь мырза баштаган жумушчу топ менен жолугушту. М.Исаев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп, достук мамилелер бекемделип жатканын белгиледи. Жолугушууда тараптар шаардын жол инфраструктурасын жана заманбап жол куруу техникасын жакшыртуу үчүн асфальт-бетон заводун сатып алуу […]Читать далее