Борбор калаанын Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасынын ачылыш аземи өттү. Спорт аянтчасынын ачылышы шаардыктардын, Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын, Ленин районунун акиминин орун басарынын катышуусунда өткөрүлдү. Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы тартип, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор […]Читать далее
Борбор калаада Ю.Абдрахманов жана Киев көчөсүнүн кесилишиндеги аялдама демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңыланууда. Долбоорго ылайык аялдама жабык болот. Анда жайында салкындатуучу, кышында жылуутуучу жабдык орнотулат. Ошондой эле аялдамада коомдук транспорттун декоративдик маршруту, жарнак тактасы, маалыматтык LED экраны болот. Белгилей кетсек, долбоор Биринчи май райондук администрациясы менен «Бакай Банк» ААК ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууда. Ошондой […]Читать далее
Жарым жыл ичинде борбор калаанын муниципалитетине жарандардан 2507 жазуу жүзүндөгү кайрылуулар түшкөн. Жарандардын арыздары жана сунуштары менен иштерди жакшыртуу максатында мэр, мэрдин биринчи орун басары, мэрдин орун басарлары, мэриянын аппаратынын жетекчиси тарабынан бекитилген график боюнча жана иш тартибинде жарандарды жеке кабыл алуу жүргүзүлүүдө. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпысынан 723 жаран кабыл алынган. Мындан тышкары, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын 31-август – Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери менен жеринде таанышты. Көчмө жыйынга Эгемендүүлүк күнүн уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош шаарынын мэри жана тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү […]Читать далее
Туристтик мезгил учурунда, Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна каттаган Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда каттаган туристтердин коопсуздугун толук кандуу камсыздоо үчүн, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Атайын адистештирилген ротасы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Дем алыш күндөрү шаардан Ысык-Колгө бара жаткан унаалардын агымы көп болгондуктан, Атайын ротанын кызматкерлерине жетекчилик тарабынан ичип […]Читать далее
“Бишкекгаз” ишканасы абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштерин мөөнөтүнөн мурда аяктады. Фрунзе көчөсүндөгү абоненттерди жаңы газ түтүгүнө кайра туташтыруу иштери 4-этапта өткөрүлдү. «Бишкекгаз», «Чуйгаз» жана «Севертрансгаз» газ кызматтарынын кызматкерлеринин тез жана эффективдүү ишинин аркасында бардык этаптар белгиленген мөөнөттөн мурда бүткөрүлдү. Үстүбүздөгү жылдын 5-июлуна карата 95% абонентке, тактап айтканда Московский көч. – Жибек Жолу пр., […]Читать далее
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Ленин акимиаты отканаларды катуу отундан (көмүр) газ менен жылытууга өткөрүү иштерин жүргүзүүдө. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынан алынган маалыматка ылайык, курулуш иштери 15-августка чейин бүткөрүлөт. Көмүрдүн күйүүсүнөн улам атмосферанын булганышы ден соолук үчүн өзгөчө коркунуч жаратат. Отканаларды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүүдө абанын булганышы бир топ азаят, ошондуктан муниципалдык администрация тургундарга жылуулуктун […]Читать далее
МБК 2023-жылдын январь-июнь айларында 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. План 107,4%га аткарылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын январь-июнь айларында республикалык бюджетке иш жүзүндө 48,8 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,4%га аткарылды же 3,4 млрд сомго ашыкча жыйналды. […]Читать далее
“Чыңгыз Айтматов өзүнүн эң мыкты чыгармаларын Ысык-Көлдүн жээгинде жазган. Андыктан Ысык-Көл сиздерди сөзсүз шыктандырат деп ишенем, – деди бүгүн, 7-июлда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалынын делегация өкүлдөрү менен жолугушууда. Министр этно-карнавал достуктун, маданий интреграциянын, тажрыйба алмашуунун башаты болгон эң сонун долбоор экендигин белгиледи. Этно-карнавалга катышуу үчүн […]Читать далее
Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып Бишкектен Казаньга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат. Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарышууда. Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга […]Читать далее