Бишкекте жол оңдоо иштерин тездетүү жана 20-октябрга чейин толук бүтүрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев шаардык кызматтар менен биргеликте жолдорду кыдырганга билдиргенин муниципалитеттен кабарлашты. Мэриянын маалыматы боюнча, бир катар көчөлөрдөгү оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди: – Москва жана Ю.Фучик көчөлөрүнүн кесилиши; – Дэн Сяопин проспекти менен Ю.Фучик көчөсүнүн кесилиши; – Сельповская көчөсү Дэн Сяопин […]Читать далее
Кыргыз Республикасына расмий жумуш сапары менен келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, ошондой эле белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.Читать далее
2025-жылдын алгачкы жети айында 2 миллионго жакын Өзбекстандын жараны Кыргызстанга турист катары барган. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика комитети маалымдады. Бул мезгилде жалпы 4,3 млн өзбекстандыктар чет өлкөгө саякатка чыккан, өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 28% түздү. Эң көп сапарлар коңшу өлкөлөргө жасалды: Кыргызстан – 1 918 904, Казакстан – 799 429, Тажикстан – 754 123 […]Читать далее
Бишкекте жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуу жайдын курулушу кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайдын курулуш иштерин текшерди. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Шаар башчысы жеринен тиешелүү кызматтарга курулуш маалында жаралышы мүмкүн болгон […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Россиянын аймында Кыргызстандын 377 миң жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Россия аймагында Кыргызстандын жарандары менен түзүлгөн жалпы эмгек келишимдердин саны 600 миңден ашык. “Жарандар менен келишимдердин ортосундагы айырмачылыктын себеби, бир жаранда эки же андан көп эмгек келишими болушу мүмкүн. Негизинен Россияда мыйзамдар […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарындагы Технопаркта кыргыз-казак жаштар форуму өтүп жатат. Ага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Марат Тагаев, Казакстандын маданият, маалымат министри Аида Балаева, ошондой эле эки өлкөнүн жаштары катышууда. Форум Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө, маалыматтык технологиялар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашууга […]Читать далее
“Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер” форумунун алдында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага кыргызстандык ишкер айымдардын көргөзмөсүн тааныштырды. “Көргөзмөнүн максаты – улуттук өнөрчүлүктүн белгилүү бренддери жана чеберлери өзүлөрүнүн мыкты эмгектерин элге тартуулап, салттардын жана заманбап тенденциялардын гармониясын көрсөтө турган абройлуу аянтча түзүү”, – […]Читать далее
Жыл башынан бери автоунаасы камсыздандырылган жарандарга 17 млн 335 миң 499 сом төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматта айтылгандай, эң ири төлөм 300 миң сомду түздү. Бул сумма жол кырсыгында жабыр тарткан эки автоунаанын ээлерине төлөндү (ар бирине 150 000 сомдон). Ошондой эле Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ишинде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы орто ишкердик субъекттери салык органдарына ай сайын бирдиктүү салык боюнча отчет берүүгө милдеттүү экенин эскертет. Ведомстводон белгилешкендей, ал отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинети же “Salyk.kg” мобилдик тиркемеси аркылуу берилиши керек. Салык отчетун белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн салыктык санкциялар каралган. Ар бир кечиктирилген отчет үчүн айып салынат. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев башкармалыкка караган уюмдардын жетекчилери менен коррупцияны алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү. Анын айтымында, коррупция – мамлекеттин өнүгүшүнө эң чоң тоскоол. Ал экономикага зыян алып келет, элдин бийликке болгон ишенимин азайтат жана ар бир жарандын келечегине түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бул багыттагы күрөш – ар бир жетекчинин жана кызматкердин жеке […]Читать далее