Мамлекеттик салык кызматы 20-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Буга чейин 1-октябрда өткөн лотереяны ойнотуунун жүрүшүндө баалуу байгелердин 38 ээси аныкталган. Бирок, лотереянын шарттарын бузгандыгы үчүн 4 байге боюнча жыйынтык жокко чыгарылды. Салык кызматынын лотереясынын экинчи туру, биринчи тур сыяктуу эле, калктын кызыгуусун арттырды. Кыргызстандыктар жеңүүчүлөргө карата социалдык […]Читать далее
Бүгүн, 24-октябрда Улуттук тарых музейинин имаратында Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарада экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. “Урматтуу стандартташтыруу жана метрология тармагынын кызматкерлери, коноктор, кесиптештер, достор! Бүгүн өтүп жаткан салтанаттуу мааракелик иш-чара кесиптик майрамга – Кыргыз […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаардыктардын үйүнө жана башка объекттерге жылуулук берүүгө даяр. Бул тууралуу “Электр станциялардын” басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жылуулук берүү тууралуу акыркы чечимди мэрия кабыл алат. “Мэр жылуулук берүү тууралуу тиешелүү буйрукка кол коет. Жылуулук сезонунун башталышы абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо аныкталат. Андан кийин […]Читать далее
Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү. Магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо. “Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, – деп айтылат маалыматта. “Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн […]Читать далее
Аламудун РИИБке арыз менен Э.Ч. аттуу жаран кайрылып, А.А. аттуу жаран 2022-жылдын 1-сентябрь күнү жумуштар менен барып келейин деп алдоо жолу менен Мазда Демио автоунаасын айдап кетип, ошол бойдон изин жашырып кеткенин билдирип чара көрүүнү суранган. Аталган факт Аламүдүн РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон. 19 сентябрь күнү […]Читать далее
Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн комиссия коомдук унаалардын санитардык абалын текшерди. Тактап айтканда, кабинанын санитардык абалы, айдоочулардын жумуш учурунда жүрүм-туруму, гигиеналык каражаттардын жана беткаптардын болушу текшерилди. Жол эрежесин сактабаган, троллейбусту талаптагыдай санитардык абалда кармабаган айдоочуларга эскертүүлөр берилди. Бул текшерүү эки жумада бир жолу жүргүзүлөт.Читать далее
Бишкек шаарынын эски аянтында “Агротехэкспо-2022” агроөнөр жай көргөзмөсү жана “Алтын күз” айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Көргөзмө-жарманке Айыл чарба министрлигинин 95 жылдыгына жана айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда. Көргөзмөдө заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, асыл тукум мал жандыктар, органикалык продукциялар көрсөтүлүп, мастер-класстар жана сынактар уюштурулууда. Organic Expo 2021 […]Читать далее
19-октябрда Токмок шаардык милиция кызматкерлери тарабынан шаардын аймагында жана “Мүрөк”, “Ак-Тилек”, “Булак” базарларында, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча, анын ичинен: өзгөчө чөнтөк уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чаралары жүргүзүлдү. Ошондой эле, мал уурулуктун алдын алуу максатында, жарандарды малдарды талаада кароосуз калтырбоону, андан тышкары, мал сарайлардын уурулукка каршы болчу сапатын жогорулатуу, видеобайкоо камераларын орнотуу […]Читать далее
Ош облусуна караган 88 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаарларда жыйындары өткөрүлүп, Элдик курултайга делегаттар тандалууда. Ош облусунун тургундары “ Элдик курултайга” делегаттарды шайлоого активдүү катышып жатышат. Делегаттарды тандоо жыйындары өткөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан жүргүзүлүп, делегаттарды шайлоо жарандардын өз каалоосуна коюлган. Белгилей кетсек, жобого ылайык элдик жыйындарды өткөрүү укугу жергиликтүү кеңештерге берилип, уюштуруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-октябрда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованы кабыл алды. Бактыбек Кудайбергенов маалымдагандай, ведомстволор аралык комиссия тарабынан тиешелүү мониторинг жүргүзүлгөн. Кыргызстандын жети миллионунчу жашоочусу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда таңкы саат 2:10до төрөлгөн уул бала болду. Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын маалыматы […]Читать далее