1-ноябрь-Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнө карата ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында спорттун жети түрү боюнча мелдеш башталды. Майрамды утурлай жана кызматкерлердин дене-тарбиялык даярдыгын күчөтүү максатында уюштурулуп жаткан мелдештин ачылышына ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги Алишер Барпиев, Кадрлар башкы башкармалыгынын кесиптик даярдоо жана дене тарбия башкармалыгынын начальниги Мамадалы Шакиров жана ошондой эле “Динамо” коомдук бирикмесини биринчи орун […]Читать далее
Бүгүн, 26-октябрда Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун өздүк курамы үчүн Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун инструкторлору Баястан Садыков жана Айдай Сираева экстремалдык шарттарда кан кетүү, сынык, күйүк, эс-учун жоготкон учурда биринчи медициналык жардамды туура көрсөтүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү муляждын жардамы менен кызматкерлерге кѳргѳзүшүп сабак ѳтүштү. Аталган сабактын негизги максаты бул ар кандай формадагы оор […]Читать далее
Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам автожолу” жана “Торугарт автожолу” өткөрүү пункттарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Кыргыз […]Читать далее
26-октябрда саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат. “Ала-Тоо” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.Читать далее
Токмок шаарындагы мал базардан карыянын акчасын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Токмоктогу мал базарда 79 жаштагы адамдын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 120 миң сомун уурдап кетишкен. Карыя мал базарга баласынын ашын өткөрүүгө жылкы алганы келген. Аталган факты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, сотко […]Читать далее
«Манас» эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын күнүнө карата күзгү споттинг өткөрүлдү. Жыл сайын өтүүчү иш-чарага Кыргызстандан жана Россиядан 20га жакын учактарды тартууга кызыккан фотосүрөтчүлөр жана видеооператорлор чогулушту. Ышкыбоз жана тажрыйбалуу споттерлер ишембинин түнү 4 саат бою учактар токтоп турган жайды, рулеждук жолчорлорду, учуу-конуу тилкесин жана перрондо учактарды тейлөө процессин сүрөткө тартышты. Ошондой эле, […]Читать далее
Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк геодезиялык системага айландырууга жана өлкөдөгү жер маалыматтарын башкарууну өркүндөтүүгө багытталган “Геодезиялык координаттар системасын кайра түзүү” пилоттук Кыргыз-Корей консалтингдик долбоору башталды. Долбоор 36 айга созулат. Долбоордун башкы максаты Кыргызстан үчүн оптималдаштырылган глобалдык геодезиялык системага өтүү жана жер маалыматтарын башкарууну өнүктүрүү жолу менен санариптик геомейкиндиктик инфраструктураны ишке ашыруу болуп саналат. Долбоор КР АЧМ караштуу […]Читать далее
Бишкекте 26-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, борбор калаанын вице-мэри Олег Попиковдун төрагалыгы алдында 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны өтүп, анда жылытуу мезгилинин башталышы талкууланды. Гидрометборбордун маалыматын эске алып, штаб борбор калаада жылытуу мезгилин 2022-жылдын 26-октябрында эртең менен баштоо чечимин кабыл алды. Объекттерди […]Читать далее
Бишкекте көмүр базалары иштеп жатат, анда шаардыктар кышка отун камдай алышат. Ленин районунун акими Русланбек Тагаев көмүр базаларын кыдырып, көмүрдүн запасын текшерди. Кыдыруу учурунда күн сайын болжол менен 50-70 тонна көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды. Ошондой эле район башчысы көмүр базасынын ээлери менен калк үчүн көмүрдүн баасынын көтөрүлүп кетишине жол бербөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Айта […]Читать далее