Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань-Бишкек-Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып Бишкектен Казаньга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат. Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарышууда. Аталган багытка байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга […]Читать далее
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен бирге Сары-Могол айыл өкмөтүндө курула турган муниципалдык мейманканын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты. Эльчибек Джантаев бул долбоорду колдоорун билдирип, мейманкананын курулушу туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууда маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди. Мейманкананын курулуш долбоору- Сары-Могол айылына келген чет элдик […]Читать далее
#8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы орто мектебинде 12 жаштан 16 жашка чейинки 100 окуучуга Америка Кошмо Штаттарынан мугалимдер жана волонтерлор келип балдарга англис тилин үйрөтүп жатышат. Жайкы лагерь 4 жылдан бери партнерлук кылып келген Джей Хоуп эл аралык кайрымдуулук фонду менен бирге ишке ашып жатат. Окуучуларга 1 маал кофе брейк, бир маал түшкү тамак берилип, […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө контрафакттык тамекини сатуу фактыларын аныкташты. Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн акциздик маркалары жок 5 миң 247 куту тамеки тартып алынды. Жалал-Абад шаарында эки унаанын ичинен акциздик маркасы жана коштоочу документтери жок тамеки буюмдары табылган. 4420 куту тамеки тартып алынды. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди. […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Сауд Арабиялык Flynas авиакомпаниясы Джидда-Бишкек-Джидда багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропортунан Джидда шаарына үзгүлтүксүз каттамдар биринчи жолу аткарылат. Жаңы багыт боюнча каттамдар жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери биргеликте шаар тургундарынын арасында кан аркылуу жугуучу оорулардын алдын алуу максатында жеке менчик косметология, сулуулук салондор, ийне саюучу, хижама бөлмөлөрүндө АИВ/СПИДге, гепатитке каршы санитардык – гигиеналык эрежелердин, эпидемиологиялык ченемдердин аткарылышы боюнча рейд жүргүзүштү. Текшерүү учурунда 8 косметологиялык салон залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы аныкталып, […]Читать далее
“Астананын 25 жылдыгы: Астана – келечектин шаары” аттуу шаар мэрлеринин форумунун алкагында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Астана шаарынын мэри Женис Касымбек менен жолугушту. Жолугушууга Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев да катышты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар шаарлар ортосундагы алаканы чыңдоо, Бишкек шаарынын мэриясы менен Астана акимчилигинин ишмердүүлүк чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бир катар облустарда мунайзаттарды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактыларын аныктады. Жалпысынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 25 миң 543 литр күйүүчү май тартып алынды. Алсак, Ош облусунда май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактылары аныкталган. Ошондой эле, продукцияга коштомо документтердин жана контролдук пломбалар жок болгон. 15 миң 400 литр күйүүчү май тартып алынды. Чүй облусунда Казакстан Республикасынан продукция ташыган транспорт каражаттардан түздөн-түз куюп […]Читать далее
№79 мектепте борбор калаанын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев менен Арча-Бешик конушунун калкынын жолугушуусу өттү. Жыйынга ошондой эле «Бишкексууканал» ӨЭБнын, «Тазалык» МИнын, ЖКнын «Бишкексуучарба» МИнин, Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын өкүлдөрү катышты. Катышуучулар суу көйгөйүн биротоло чечүү үчүн жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу, тургундардын өздөрү тарабынан баш аламан тартылган түтүктөрдү иретке келтирүү маселелерин талкуулашты. […]Читать далее
“Кармалган Улан Жапаров боюнча, ал чындап эле Мамлекет башчысынын тууганы экенин билдиребиз”, – деп соцтармактагы баракчасына Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал бажыдагы маселелерге байланыштуу коррупциялык схемаларга катышкан деп шектелүүдө. “Муну билген соң Президент Жапаров кылмышка шектүүлөргө бардык мыйзамдуу чараларды көрүүнү жеке өзү талап кылган. Бул окуя коррупцияга каршы күрөштө тандалма мамиле жок […]Читать далее