Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индиянын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин
Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индия Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин аппаратынын ортосунда консультациялардын экинчи раунду болуп өттү. Жолугушууда регионалдык коопсуздукту камсыздоо, терроризмге, экстремизмге, наркотрафикке жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы туруу маселелери талкууланды. Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун, ошондой эле медицина тармагындагы айрым биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды. […]Читать далее