«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Ош филиалы, «Раззаков», «Баткен», «Жалал-Абад» жана «Караван» аэропортторунда кыш мезгилине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Жүргүнчүлөрдү да, учактарды да үзгүлтүксүз, өз убагында жана сапаттуу тейлөөгө кепилдик берүүчү кызматтар жана атайын техникалар толук даяр. Техникалык тейлөө учуунун жана авиациялык коопсуздуктун бардык зарыл чараларын эске алуу менен жүргүзүлөт. Учурда бардык кызматтар теориялык жана практикалык […]Читать далее
Бүгүн, 29-сентябрда Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулуп берилген кызматтык үйдүн ачылыш аземи болду. 4 кабаттуу 32 батирлүү турак үйдүн курулушу 2021-жылы декабрь айында башталган. Жалпы сметалык баасы 97,3 миллион сомду түзүп, курулуш ишин “Мерибелл Текстиль Инсаат” ЖЧКсы жүргүзгөн. Турак-жайдын ачылыш аземинде КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, КР Финансы министрлигине […]Читать далее
Кыргыз Республикасына каршы арбитраждык териштирүү ЮНСИТРАЛдын арбитраждык регламентине (2010ж.) ылайык казакстандык компания тарабынан демилгеленген. Доогер тарабынан Таш-Көмүр шаарында комплекстүү ферросплавдар заводун куруу боюнча ишке ашырылбаган долбоордун алкагында Кыргызстан тарабынан инвестициялардын экспроприациялангандыгына жана инвестицияларды коргоо жөнүндө эл аралык макулдашуулардын, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Мыйзамдын жоболорунун бузулгандыгына байланыштуу 50 млн.$ өлчөмүндө компенсацияны төлөө боюнча талаптар коюлган. 2021-2023-жылдарда […]Читать далее
Жолдордун абалына текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жалпы республиканын аймагындагы жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну жүзүгө ашырып жаткан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдоруна жана темир жол өткөөлдөрүнө күзгү көзөмөл жана изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Анда, жолдордун коопту жана авариялык абалдары, орнотулган жол белгилеринин эскилиги […]Читать далее
Бүгүн, 29-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Карылардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын өтүүчү “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук көргөзмө-жарманкесине катышты. Иш-чара ” AgeNet International ” эл аралык геронтологиялык тармагы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Бишкек шаарынын […]Читать далее
Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик тобу менен “Мекенчил” депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “быйыл биз өзүбүздү картошка менен 100% камсыздайбыз”, – деп айтты. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, эми кайра иштетилет. Ошентип, кант менен камсыздоо 82,7% түзөт. Республика боюнча сүт азыктары менен камсыз болуу […]Читать далее
2-октябрдан тарта Шарм-эш-Шейх-Бишкек-Шарм-эш-Шейх аба каттамын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ачуу пландалууда. Бул чартердик каттамдар кыш мезгилинде үзгүлтүксүз аткарылып, Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамдан шейшемби күндөрү Нячанг уча турган рейсти ачууну пландап жатат, бул анын маршруттук тармагын андан ары кеңейтет жана саякатчыларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул […]Читать далее
«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы Чүй проспектиси Бейшеналиева менен Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө капиталдык курулуш иштерин улантууда. Шаардын батыш тарабындагы жашыл көрүнүштү жакшыртуу, Ош базарына жакын жердеги жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында иштер жүргүзүлүүдө. Учурда жашылчарбанын жумушчулары тарабынан бетон тосмо орнотулуп, сугат суу менен камсыз кылуу үчүн борбордук магистралдык түтүк тартылып, топурак тегизделип, тиричилик таштандыларынан жана таштардан тазаланды. […]Читать далее
2023-жылдын 28-сентябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Борбордук аппаратынын жана Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, Бишкек шаарынын аймагындагы ун өндүрүүчү ишканаларга мониторинг жүргүздү. Мониторингдин жүрүшүндө ундун баасы туруктуу экени жана баалардын өсүшү күтүлбөй турганын аныкталды. Учурда Бишкектеги ун комбинаттарында ун тартыштыгы жок. Бардык базаларда ун жетиштүү көлөмдө бар жана ун ташып жеткирүүчүлөрдүн айтымында, ун тартыштыгы […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова өлкөнүн социалдык мекемелеринин кышка даярдыгы боюнча текшерүүнү баштады. Анын айтымында, социалдык мекемелерде 2 338 адам бар. “Биздин кызмат алуучулар жалгыз бой улгайган жарандар жана жалгыз бой жубайлар, чоңдор жана нейропсихиатриялык диагнозу бар балдар. Биздин милдет – аларга жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Өткөн жылы Президенттин Жарлыгы менен […]Читать далее