20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы алдын ала маалымат боюнча саат 12:00 чамасында кокту-колоттордон келген сел суулары Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ӨКМден 50 куткаруучу, 1 экскаватор, 1 мотопомпа, а/а 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 грейдер, […]Читать далее
Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык Д.М. аттуу жаран куткаруучулар тарабынан аман эсен табылды. Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук […]Читать далее
Кечээ Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды. Аталган билим берүү мекемелеринин аймагына курулуп калган, жеке жактарга таандык болгон курулуштарды мыйзам алкагында карап чыгып, мектептин аймагына жер тилкесин кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди. […]Читать далее
Ашууда калган жүк ташуучу унаанын айдоочусу изделүүдө. Такталган маалымат боюнча ал Белоруссия өлкөсүнүн жараны. 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 […]Читать далее
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды. Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан […]Читать далее
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов А.Масалиев кең көчөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты. Мэр тиешелүү кызматтарга жолдун айрым жерлерине бордюрларды орнотууну аягына чыгаруу, А.Навои көчөсүнөн Монуев көчөсүнө чейинки бөлүктөгү ирригациялык түтүктөрдүн үстүн толук ачып чыгууну тапшырды. Мындан сырткары калаа башчысы Ленин көчөсүнө барып, Мамажан көчөсүнөн Загородный көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөөдөн өткөн жолду көрүп […]Читать далее
Ош шаарында, 18-сентябрдан, 29-сентябрга чейин 9 айлык балдардан баштап 8 жашка чейинки балдар арасында кызамык оорусуна каршы кошумча эмдөө өнөктүгү башталды. Бул боюнча бүгүн маалыматтык жыйын өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы Н. Закиров, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Э.Нурумбетов, ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы С. Ванчинкху, Республикалык иммунопрофилактика борборунун […]Читать далее
Дээрлик 10 жыл бүтпөй жаткан бала бакча бүткөрүлүп, колдонууга тапшыруу алдында турат. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Объектти куруу 2014-жылы башталып, бүткөрүлбөй келген. Долбоорго ылайык балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн санитардык нормаларды сактоого жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн […]Читать далее
КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жана USAID тарабынан каржыланган «Фискалдык жоопкерчилик жана туруктуу соода» Долбоору электрондук контракттарды башкаруу модулунун расмий ишке киргизүү аземин өткөрүштү. Иш-чара КР Финансы министринин орун басары У.Календеровдун, USAIDдин КРгы миссиясынын директору Кая Адамстын жана КР Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Б. Досалиевдин катышуусу менен болуп өттү. Электрондук […]Читать далее
Бишкек шаарынын перинаталдык борборунда 2023-жылдын 15-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун 34 жаштагы тургуну кесарево жолу менен кош бойлуулуктун 36-жумасында үч эм уул төрөдү. Бул анын 5-төрөтү. Наристелер 3кг 300г, 3кг 660г, 3кг 445г салмакта төрөлгөн. «Жаңы төрөлгөн ымыркайлар балдардын реанимация бөлүмүндө жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Абалы турукташкандан кийин ара төрөлгөн балдарга кам көрүүнүн 2-баскычы […]Читать далее