Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоорлордун негизинде Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда. Бишкек шаарынын конокторунун жана жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтарды натыйжалуу жана ыкчам алдын алуу үчүн шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, […]Читать далее
Бүгүн 5-октябрь күнү, Ош шаарында Кыргызстан жаштарынын Республикалык конгресси башталып, ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын маданият, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, жаштар тематикалык тобунун төрагасы Бактыбек Кайназаров, өлкөнүн жети дубанынан келген 100дөн ашуун жаш […]Читать далее
Бүгүн, 5-октябрь Ош шаарынын жана мугалимдер күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпусунун жана Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин алдындагы окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасынын ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Ош мамлекеттик университетинин ректору К. Кожобеков, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты. Калаа башчы куттуктоо сөзүндө, кылым карыткан […]Читать далее
2023-жылдын 5-октябрында капиталдык оңдоодон кийин КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Токмок шаардык бөлүмүнүн имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Жаңы имарат КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан салтанаттуу ачылды. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана атайын кызматтын ардагерлери катышты. Жаңы имарат кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө зарыл болгон бардык […]Читать далее
Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Кош бойлуу аялдарга жана төрөгөн аялдарга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 4-октябрындагы буйругуна ылайык, башка багытта колдонууга өтүп кеткен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн имараттарынын бири кайра кайтарылат. Буга чейин стационардын […]Читать далее
Жалал-Абад шаарында 11 кызматтык үй курулду. Аталган турак жайлардын курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлүп, азыркы учурда ички жана тышкы инженердик-коммуникациялык жумуштары калды. Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 50дөн ашуун бир кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулуш жумуштары аяктоо алдында турат. Бул демилге мамлекет тарабынан кызматкерлердин жер которуп, тажрыйба алмашып иштөөсүнө кам көрүү болуп саналат.Читать далее
«Булгануунун тарыхын түшүнүү – АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында Бишкекте таштанды таштоочу жайдын жанында музей ачылат. Таштанды музейинин ачылышы 2023-жылдын 7-октябрында «Алтын Казык» конушунда болот. Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, АКШдан, Швейцариядан, Голландиядан, Грузиядан, Чехиядан жыйырмадан ашык сүрөтчүлөр катышууда. Алар булгануу маселесин чечкен көркөм […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине жылуулук берүү даярдыктары боюнча штаб өткөрдү. Жыйында жылуулук менен камсыздоочу мекеме-ишканалардын жана энергетика тармагынын өкүлдөрү жылуулук мезгилине карата даярдыктар боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга төмөнкү тапшырмалар берилди: – Муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилерине көп кабаттуу турак жайлардын […]Читать далее
Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин долбоорунун алкагында «Өнүгүү борбору» (Кыргыз Республикасы) жана «HDC International» (Улуу Британия) компанияларынын эксперттеринин катышуусунда музейлерди өнүктүрүү долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, пикир алмашуу максатында тегерек стол болуп өттү. Күн тартибинде: • «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин жана «Өзгөн» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун туризмди өнүктүрүү […]Читать далее
Кыргызстанда 5-октябрдан тартып нан бааларына убактылуу жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 ”Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекетгик жөнгө салуу жөнүндө” токтомуна ылайык Социалдык маанидеги нанга жана нан азыктарына баанын өсүшүнө жол бербөө, нандын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрьндагы […]Читать далее