Мамлекеттик салык кызматы мунайзаттарды өндүрүү, импорттоо, алып өтүү, сактоо, жөнөтүү жана сатуу иштерине контролду күчөтүүдө. Ушуга байланыштуу, уникалдуу молекулярдык маркерди колдонуу менен отун майын маркалоо системасын киргизүү пландаштырылууда. Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов күйүүчү майды башкаруу жана отун май маркерин колдонуу аркылуу маркалоо процесси менен таанышты. Чет элдик компаниянын өкүлүнүн айтымында, маркалоо процессинде көчүрүүгө, жууп […]Читать далее
Чүйдө 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Кант шаарынан 15 чакырым түндүк-чыгышты, Бишкек шаарынан 23 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кант жана Бишкек шаарларында 4 баллга чейин сезилди.Читать далее
Бүгүн Ак-Суу районундагы Нововознесеновка подстанциясында кубаттуулугу 6300 кВА трансформатор 10000кВА трансформаторго алмашылды. Бул подстанция Ак-Суу районунун Боз-Учук, Зындан, Ак-Булуң, Ак-Булак, Кайрыма-Арык, Жергез, Пионер, Ичке-Жергез, Качыбек, Ак-Чий, Советский, Нововознесеновка айылдарын электр жарыгы менен камсыз кылат. Нововознесеновка подстанциясы былтыркы кыш айларында ашыкча жүктөө менен иштеп келген. 2023-2024 күз-кыш айларында авариялык кырдаалды алдын-алуу жана кардарларга сапаттуу электр жарыгын […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 19-октябрында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда согуштук жаракаттарды алган чек ара кызматкери Инхамов Таирбек Давранович менен жолугушту. Жолугушуу учурунда, Инхамов Таирбек Даврановичке Бишкек шаарында жайгашкан 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мындан сырткары, КР УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган каражаттар боюнча маалымат Бюджеттер аралык трансферттер: Ош облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары 1 458,8 млн. сом акча каражаты каржыланган, алар: 1. Теңдөөчү трансферт – 703,0 млн сом; 2. Максаттуу трансферттер -755,8 анын ичинен: 3. Ыйгарым […]Читать далее
Бүгүн, 19-октябрда Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Аталган мектептин 150 орундуу, типтүү имараты Президенттин курулушу көпкө созулган социалдык обьектилерди бүткөрүү иш-аракетинин натыйжасында бүткөрүлүп, ишке кирди. Белгилей кетсек, мектептин 1953-жылы курулган мурдагы имараты 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин авариялык абалга келген. 2015-жылы жаңы мектептин […]Читать далее
Карантиндик фитосанитардык экспертизанын негизги максаты карантинге алынуучу зыянкечтерди жана карантинге алынбаган организмдерди аныктоо жана идентификациялоо болуп саналат. Республикада өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 5 лаборатория иштейт. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар өздөрүнүн экспертизалары боюнча жума сайын отчет берип турушат. Өткөн жумада лабораторияга 246 үлгү келип түшкөн, анын ичинен Борбордук лабораторияга 114 үлгү, анын ичинен 20 үлгү импорттук, 89 […]Читать далее
Көмүрдүн кымбатташына жол бербөө, көмүрдүн калк үчүн өзгөчө социалдык маанисин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Баа түзүү жөнүндө” Мыйзамынын 6 жана 10-беренелерине ылайык, көмүрдүн калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жылытуу мезгилинде баалардын негизсиз жогорулашынын тобокелдигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №133 буйругу менен 2023-жылдын 25-октябрынан тартып 90 календардык күндүк мөөнөткө […]Читать далее
Свердлов, Ленин, Октябрь жана Биринчи май райондорунда нан азыктарынын (тандыр нан, 1-сорттогу бөлкө нан) бааларын негизсиз кымбатташы жана баалардын өсүшүнө жол бербөө максатында өндүрүүчүлөрдүн, (наабайчылардын) нан сатуучулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Нан азыктарын өндүрүүчүлөр жана сатуучулар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 9-октябрындагы № 01-12/5 “Бишкек шаарында биринчи […]Читать далее
Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 485,2 млн сом каржыланган. Бюджеттер аралык трансферттер: Теңдөөчү трансферт – 368 млн сом; Ыйгарым укуктарды берүүгө – 29,6 млн сом; Электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга –37,0 млн сом; Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 16,4 млн сом; Айыл өкмөттөрдүн башкы планына- 34,2 млн сом.Читать далее