Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) саат 23:40ка карата кошумча 4 отказан ишке берилди. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 6 казан жана 3 турбогенератор, ошондой эле бардык насостук станциялар иштеп жатат. Тармактарда абанын температурасы 34 градустан 64 градуска чейин жогорулады.Читать далее
Биринчи жолу мамлекеттик колдоо менен тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу үчүн 584 млн 74 миң сомдон ашык акча каражат бөлүндү. Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу багытында мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу” токтом […]Читать далее
Укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында,коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулуп, 800дөн ашуун видеокамера министрликтин Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Алардын арасында издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жарандарды жүзүнөн тааный турган камералар да бар. Өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу көзөмөлгө алынып видеокамералар аркылуу 5 […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул 259/4 дарегинде жайгашкан “Назар” соода борборунун соодагерлерине ижара акысы 33,33%га чейин арзандатылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган базардын администратору Замир Умаров билдирди. Анын айтымына караганда, базардын жетекчилиги УКМК тарабынан көтөрүлгөн демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришкен. Натыйжада соодагерлердин ижара акысы төмөндөтүлдү. Белгилей кетсек, атайын кызмат […]Читать далее
Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 21:55де ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө абанын температурасы 30 градустан 65 градуска чейин кармалууда. “Бардык соргучтар күйгүзүлүп, жылуулукту туташтыруу улантылууда. Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түркмөн тарап Кыргызстанга суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри менен Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередовдун телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө айтылды. КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу жана көп тараптуу платформалардагы актуалдуу маселелерин […]Читать далее
Азыркы учурда Бишкек Жылуулук электр борборунда 12чи от казан агрегаты ишке киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Ошондо учурда 3,4,9,11, 13, 12 от казан агрегаттары иштеп жатат. Температура + 65 градус, казан агрегаттары ишке кирген сайын жылуулук тармактарына берилген ысык суунун температурасы жогорулайт.Читать далее
Бүгүнкү күндө “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын өлкө аймагындагы филиалдарында жылуулук температурдук режимде үзгүлтүксүз берилип жатат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда жылуулук алуучулардан эч кандай арыздануулар катталган жок. “Кырсык болгон учурда же батирлерде жылуулук менен камсыз кылуу же стандарттык температурага (+18) жана ысык сууга туура келбеген суроолор боюнча керектөөчүлөрдү колдоо борборуна төмөнкү телефондор […]Читать далее
“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына караштуу бардык отканалар штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 72 откана шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт. Тактап айтканда, ишкананын отказандары Жал кичирайону, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, Орто-Сай жана Калыс-Ордо конуштары, Жумушчу шаарчасынын керектөөчүлөрүн жылуулук жана ысык суу менен камсыздайт. “Учурда “ Бишкексельмаш”, Ботсад”, “Малдыбаев” жана […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан жабыркагандарга түркиялык комбустиолог консультация берет. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Данияр Төлөнов менен биргеликте тез жардам ооруканасында дарыланууда жаткан ЖЭБдин жаракат алган үч кызматкеринин абалы менен таанышып, жабырлануучулардын жакындары, жакындары менен жолугуп, баарлашты. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча министр Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланышып, […]Читать далее