Кыргызстанда мектептик билим берүү системасын кеңири санариптештирүү иштери уланууда. Бул багыттагы негизги кадамдардын бири — санарип аттестаттарды киргизүү. Бул тууралуу агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Учурда 2000-жылдан бери берилген аттестаттардын архивин санариптештирүү иштери активдүү жүрүп жатат. Самыкбаеванын айтымында, бул ишти кагаз архивдери сакталып калган мектептер өздөрү жүргүзүшүүдө. Маалыматтардын так идентификациясына өзгөчө […]Читать далее
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына Иран жана Израилге баруудан убактылуу баш тартууну жана кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү сунуштады. Ошондой эле ведомство Жакынкы Чыгышка барууну же чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына аба каттамдарына коюлган учурдагы чектөөлөрдү эске алуу жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын […]Читать далее
Энергетика министрлиги Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр энергиясынын массалык түрдө өчүрүлгөнүн тастыктады. Ведомстводон билдиришкендей, адистер авариянын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш алып барууда. Учурда электр энергиясы калыбына келтирилди. Министрлик жарандарды сабырдуулукка, такталбаган маалыматты таратпоого чакырып, такталган маалыматтар жакынкы аралыкта берилерин билдирди.Читать далее
Быйыл өлкөдө малды жасалма уруктандыруу үчүн биринчи жолу 60 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Мал чарба ветеринария жана жайыт боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Элвира Мамбетова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, асыл тукум малды көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу – жасалма уруктандыруу. Жасалма […]Читать далее
Бишкек шаарында күч түзүмдөрүнүн балдары үчүн “Ак-кайың” балдар бакчасы салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана өздүк курам, ошондой эле ата-энелер катышты. Аталган бала бакчанын мурдагы имараты 1975-жылы курулгандыктан эскилиги жеткен. Мындан улам мектепке чейинки билим берүү […]Читать далее
Бишкекте келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында атайын кызмат Бишкекте “Ак-Сай” мейманканасын менчиктештирүү учурунда мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу фактыларын аныктады. КР Президентинин […]Читать далее
Өлкөнүн бардык аймактарында дарбыз, коон жана жашылча-жемиштерди сатуу үчүн атайын соода аянтчалары ачылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Соода аянттарын уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулууда. “Мындай чара ата мекендик дыйкандар менен фермерлерди колдоого багытталган жана массалык түшүм жыйноо мезгилинде жергиликтүү продукцияны сатууда мүмкүн […]Читать далее
“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов Кумтөр кениндеги долбоорлордун ишке ашырылышын жана өндүрүш процесстерин текшерди. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. Анын алкагында “Кыргызалтындын” башчысы кенде алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышып, ири жүк ташуучу унааларга орнотулган, кайра калыбына келтирилген дөңгөлөктөрдүн сыноо иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле кендин борбордук жана Сары-Төр карьерлеринин, алтын […]Читать далее
Мындан ары бир жылдык ОСАГО полиси 1680 сомдон башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирет. Кырсык болгон учурда: – Адам өмүрү үчүн — 300 000 сомго чейин; – Жаракат алгандарга — 100 000 сомго чейин; – Мүлккө зыян келген учурда — 150 000 сомго чейинки төлөмдөр каралган. “Адам өмүрү баарынан кымбат! Күтүүсүз келген кырсыктан кудай […]Читать далее
Автоунаасын камсыздандырбагандар 1-июлдан тарта мыйзам чегинде айып пул төлөйт. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын жетекчиси Актан Турумбеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мыйзам 2016-жылдан бери иштеп келсе да, өлкөдө камсыздандырууга жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай келген. “Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО), аты айтып тургандай эле негизинен жоопкерчиликти камсыздандыруу […]Читать далее