Бүгүн, Чүй электр тармактар ишканасынын имаратында, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин 2023-жылдын тогуз айындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын болуп өттү. Жыйынга КРнын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Беназир Нурланова, энергетика министри Таалайбек Ибраев, министрдин орун басарлары жана […]Читать далее
Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болду
Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 22-октябрынан 28-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселелерин талкуулап, Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки […]Читать далее
Өлкө боюнча 18 кризистик борбор үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Кризистик борборлор аялдарга медициналык, психологиялык, укуктук жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бул борборлорду мамлекеттик социалдык заказ аркылуу каржылоо аркылуу колдоого алат. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үстүбүздөгү жылдын тогуз айында иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан дээрлик 13 миң адам ишке орношконун маалымдайт. Жыл башынан бери иш берүүчүлөр тарабынан 18,8 миң бош жумуш орун берилген, алардын 70% га жакыны жабылган. 6 миң жумуш орду талап кылынбай калган. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул 134 жумушсуз жаранга берилген. Жумушсуздук боюнча […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында расмий жумушсуздардын жалпы саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,2% га кыскарган. Жалпы жумушсуздуктун деңгээли 0,4% га төмөндөгөн. Жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, эң жогорку деңгээли – Баткен жана Жалал-Абад облустарында сакталууда. Жыл башынан бери ишке орноштуруу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан жеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 146 мыйзамсыз курулуш аныкталып, бул тууралуу документтер сот өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде […]Читать далее
Чүй электр тармактар ишканасынын Токмок РЭТинин электр куроочулары Токмок шаарындагы №352-трансформатордук көмөкчордондо күч трансформаторун алмаштырышты. Акыркы жылдары Токмок шаарында калктын санынын өсүшү менен электр энергиясын керектөө да өсүп, керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн Токмок РЭТинин электр куроочулары кубаттуулугу 400 кВА болгон күч трансформаторун кубаттуулугу 630 кВА болгон күч трансформаторуна алмаштырылды. Эске […]Читать далее
Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде мурда кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында «Evion» компаниясынын жана кытай «Rizhao Xingxian Trading Co., Ltd» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Учурда экологиялык таксилерди киргизүү боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул демилге, Бишкек шаарынын мэриясы менен жеке сектордун ортосундагы ийгиликтүү кызматташуунун үлгүсү болуп эсептелинет. […]Читать далее
2023-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында зарыл чараларды көрүү маселелерин талкуулоо, ошондой эле Кыргызстандагы Тилектештик борбору ишке ашырган «Борбордук Азияда эмгек мигранттарынын укуктарын бекемдөө, чыңдоо» Регионалдык долбоорунун ишке киришине байланыштуу тегерек стол болуп өттү. Борбордук Азиядан келген эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү максатында кызматташууга көмөктөшүү жана региондук өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев 26-октябрда Корея өлкөсүнөн келген «Starkoff Co. Ltd.» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында тараптар энергетика тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелерди талкуулашты. Электр энергиясын иштеп чыккандан баштап керектөөчүгө жеткиргенге чейин эсепке алуудагы артыкчылыкты, кыргыз-корея мамилелерин, энергетикалык тармакта маалымат технологияларын колдонуу жана өнүктүрүүнүн пландары туурасында пикир алышты. Андан тышкары, Кыргыз […]Читать далее