⏹ Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2023-жылдын 24-августунда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү жайларында саат 12:00го карата жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталганын маалымдайт: – “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында – 379; – “Чалдыбар-автожол” КӨЖда – 73; – “Кен-Булун-автожол” КӨЖда – 89; -“Чон-Капка-автожол” КӨЖда -73. ⏹Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары […]Читать далее
2023-жылдын 23-августунда Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери жана Табигый илимдик билим берүү жана дене тарбия кафедрасынын башчысы биология илимдеринин кандидаты Назгүл Ибраева менен биргеликте Соң-Көл көлүнүн Батай Арал участогунда #Таза тоолор эл аралык акциясынын алкагында келечек жаш муундар, туристтер,турист тосуучулар, эс алууда жүргөн студенттер менен биргеликте көл жээгиндеги жана саздак аянттагы тиричилик калдыктарын тазалоо иштери […]Читать далее
Өткөн жылга салыштырмалуу Талас дарыясынын бассейнинин суусу иш жүзүндө 4 эсеге аз болгон. Талас облусунун бардык райондорунда суунун аздыгына байланыштуу штабдар түзүлүп, суу керектөөчүлөрдү сугат суу менен камсыз кылуу үчүн сууну кезеги менен берүү графиктери иштелип чыккан. Киров суу сактагычынан сугатка суу 21-апрелде бериле баштаган. Казакстан Республикасына Киров суу сактагычынан 29-апрелден баштап 15 м3/сек […]Читать далее
Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаары, Киев көчөсү, 131А дарегиндеги №9 балдар музыкалык мектебинин 3 кабатту имаратын курууга конкурс жарыяланды. Жер участогунун жалпы аянты 0,512 га. Имараттын аянты- 1117,57 чарчы метр. Сметалык наркы 65 847 873 сом. 2023-жылга 10 миллион сом каралган.Читать далее
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бүгүн, 2023-жылдын 23-августунда “Ак-Тилек-автожол” жана “Кең-Булуң-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларынын маңдайында жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталганын маалымдайт. Саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайынын алдында Кыргызстандан чыкканга 493 унаа турат, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайынын алдында 146 автоунаа турат. Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан. Кыргыз тараптан […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы 26-июндан 1-июлга чейин болуп өткөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырууну улантууда. 1132 жеңүүчүгө сертификаттарды берүү 1-августта башталып, августтун аягына чейин уланат. Бишкектен жеңүүчүлөр сертификаттарын Салык кызматынын борбордук аппаратынан, ал эми региондордун жашоочулары тиешелүү аймактык салык органынан алышат. Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө сыйлыктар сертификаттарды тапшыруу […]Читать далее
Свердлов акимиатынын демилгеси менен Чокан Валиханов көчөсүндөгү скверди Чүй проспектисинен темир жолго чейин жакшыртуу долбоору башталды. Бүгүн райондук администрация башчысы сквердин курулушунун жүрүшү менен жеке таанышып чыкты. Бул долбоор Свердлов райондук администрациясынын жана “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын биргелешкен аракеттеринин аркасында ишке ашырылууда. Иштерди жүргүзүү үчүн “Медиа Строй”ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн. Сквердин курулушу графикке ылайык жана каралган […]Читать далее
Ысык-Көлдө жай мезгилинде 29 кайык, 23 моторлуу кайык, 26 катер, 18 даана сейилдөөчү катамаран, 4 яхта, 4 гидроцикл катталып (регистрация), 100 суу кемеси техникалык кароодон өткөрүлдү. Иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан аткарылды. Белгилей кетсек, инспекторлор жыл сайын текшерүү мөөнөтү келип калган транспортторду техникалык кароодон өткөрүп, атайын акт […]Читать далее
2023-жылдын 17-августунан 21-августуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасы ЭКСПО Кытай – Евразия продуктылары жана соода-2023 көргөзмөсүнө активдүү катышып, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган улуттук көргөзмө павильонун тартуулады. Катышуунун негизги максаты ата мекендик продукцияны Кытай рыногуна жылдыруу болду. Бул көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын ишканалары эл аралык соода тармагында маанилүү натыйжаларга жетишти. Ар турдуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктуна чогулган жүк ташуучу унаалар жайгашкан жерге жардам чатырлары тигилди. Мында айдоочуларга медициналык, психологиялык жардамдарды жана ар кандай кеңештерди берүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган. Бул багытта МинКаб Төрагасынын тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы […]Читать далее