Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга программасын жана 2026-2027-жылдарга болжолун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун 1-отуруму болуп өттү. Отурумда жумушчу топ программанын түзүмүн жана программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун Иш-аракеттер планын бекитти. Программа Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык иштелип чыгат. Эскерте кетсек, бул программа Бишкек шаарынын […]Читать далее
2023 – жылдын 10 айында 7 млн. 456 760 тонна көлөмүндө жүк ташылды, салыштырмалуу 2022-жылдын тийиштүү мезгилинде 6 млн.474 166 тонна жүк ташылып, быйыл өсүш 982 594 тоннаны түздү. Өсүү Кыргыз Республикасына импортту 112,1%га көбөйтүүнүн, ошондой эле экспортту 151,9 % көбөйтүүнүн эсебинен, ошондой эле “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан”, “Кытай – Кыргызстан – […]Читать далее
«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбордогу жолдорду тазалоо боюнча күчөтүлгөн иштерди улантууда, аны менен бирге түнкү нөөмөттөр жүргүзүлүүдө. Ошентип, акыркы үч күндө жолдорго 501 тонна туз чачылды, анын 74 тоннасы тротуарларга кетти. Көчөлөргө 39 атайын техника чыкты: МАЗ базасында 27 кар тазалоочу унаа, ЗИЛ-130 базасында 1 кум чачуучу унаа, 2 фронталдык жүктөгүч, 4 щетка жана күрөк менен […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 4нөн 10-декабрга чейинки аралыкта 18 миң 434 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде мас абалында унаа башкаруу боюнча 334 факты катталган. Андан тышкары: Алардын ичинен: тийиштүү документтери жок уна башкаруу — 298; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 50; жөө жүргүнчүлөр […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-13-декабрь күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу 55-110 чакырымы жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунун 74-86 чакырымындарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.Читать далее
Кыргызстандагы «Газпром» тобу боюнча салыктык төлөмдөрдүн көлөмү 2023-жылдын 9 айында 5 млрд 364 млн сомду түздү, 2022-жылдын ушул эле мезгилиндеги төлөмдөрдүн көлөмүнө (3 млрд 683 млн сом) салыштырмалуу өсүш 45%ды түздү. Компаниялардын ишмердигинин убагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 71 млрд сомдон ашык каражат которулган, өлкөнүн мунай-газ тармагын өнүктүрүүгө жумшалган инвестициялык […]Читать далее
Борбор калаадагы коомдук транспорт шаардыктарды штаттык режимде тейлейт. Саат 9:00гө карата линияда 116 троллейбус, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 405 автобусу, “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын 313 автобусу жана “Эко жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧК тарабынан 113 жеке автобус иштөөдө. Ошондой эле шаар боюнча 621 кичи автобус каттап жатат.Читать далее
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин отурумунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду: 1. «Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу»; 2. “2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө-мамлекеттердин аймактары аркылуу өтүүчү инфраструктураны оптималдаштыруу жана эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын долбоору жөнүндө”; 3. […]Читать далее
56 миңден ашык аз камсыз болгон кыргызстандыктар эмгек акысына азык-түлүк алышты. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырованын айтымында, 2023-жылдын башынан бери «Эмгектин ордуна азык-түлүк» долбооруна 10,9 миң аз камсыз болгон үй-бүлө же 56 миң адам катышкан. Бул долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу үчүн Министрлик киргизип жаткан сапаттуу жаңы чаралардын […]Читать далее
Эмгек министрлиги 414 эмгек мигрантына 26,2 миллион рубль өлчөмүндө төлөнбөгөн эмгек маянасын алууга жардам берди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди. «Министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү биздин эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча системалуу түрдө иш алып барат. Алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү (эмгек акыларын өндүрүү, өндүрүштөн […]Читать далее