Кыргызстан Палестинага 5,5 тонна гуманитардык жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргыз элинин атынан гумжардамды жеткирүүдө өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ишке ашырды. Алгач министр Бообек Ажикеев Палестинанын Жарандык коргонуу башкы деректаратынын башчысы Алабед Ибрагим Абдул Салам Халил менен телефон аркылуу байланышып, гумжардамды топтоодо эң зарыл болгон муктаждыктарды талкуулашкан. Өз кезегинде Палестинанын […]Читать далее
Бишкекте 2024-жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, токтомдун долбооруна БШКнын төрагасы Куванычбек Конгантиев бүгүн кол койгон. Токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошентип, 30-январдан тарта накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы […]Читать далее
Бишкек шаарындагы айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде жаңы автобекет иштеп жатат. Автобекетти маршруттук таксилер тейлейт, алар жарандарды аймактарга ташыйт. Бүгүнкү күндө 5 ташуучу компания (100дөн ашык машина) автовокзал менен кызматташып жатат: – «Ардагер Транс Сервис» ЖЧКсы (Бишкек-Жети-Өгүз); – «Тоң-Бишкек» ЖЧКсы; – «Чон Ак-Суу» ЖЧКсы; – «Таңкы Жол» ЖЧКсы; – «Нурлан плюс» ЖЧКсы (Бишкек-Түп). […]Читать далее
Бүгүнкү күндө 354 ишкана Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Чет өлкөлөрдүн реестрине төмөнкүлөр кирет: – Кытай Эл Республикасында (КНР) 11 балчылык жана 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар. – Бириккен Араб Эмираттары – 2 мал союучу жай. – Өзбекстан Республикасы – […]Читать далее
Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт […]Читать далее
2023-жылы январь-ноябрда номиналдуу орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн. Ал белгилегендей, айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана […]Читать далее
Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0Читать далее
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer – Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Бул программа Кыргыз Республикасына балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун […]Читать далее
2023-жылдын жыйынтыгы менен ишке орношкон жумушсуздардын саны 6%га өстү. Бул тууралуу КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2023-жылдын жыйынтыгы менен иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 7% га азайып, 91,6 миң адамды түздү. Ошол эле учурда ишке орношкон жумушсуз жарандардын саны 6%га өскөн. Иш менен камсыз кылуу […]Читать далее
Былтыр дем берүүчү гранттардын эсебинен 320 долбоор каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инфратүзүм объекттерин (социалдык объекттер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер ж.б.) жакшыртуу максатында 2023-жылга “дем берүүчү гранттар” беренеси боюнча республикалык бюджеттен 800,0 млн. сом каралган. 2023-жылы ишке ашыруу үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен […]Читать далее