Үстүбүздөгү жылдын 2-майында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чарасы учурунда болгон окуянын келип чыгуу себептерин иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылды. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунда бул иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугун камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленген. Атап айтканда, облустук, ошондой эле райондук ички иштер органдарынын жетекчилери тарабынан […]Читать далее
Ош шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жумуш издеген жарандар үчүн кесиптердин жарманкесин уюштурду. 45 компания экономиканын ар кайсы тармактарында 2000ден ашуун бош жумуш орундарды тапшырышты. Ошондой эле ишке орноштурууга көмөктөшүү, кесиптик даярдоо боюнча консультациялар, иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүүлөр жана ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулду. Жарманкеде ийгиликке жетишкен инсандар мотивациялуу ийгилик окуялары менен […]Читать далее
Сузактагы кырсыктан жаракат алып Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди. Дарыгердин айтымында, үйүнө чыгарылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык. “Учурда ооруканада төрт бала дарылануусун улантууда. Аларды дагы ушул жуманын аягына чейин үйүнө чыгарууну пландап жатабыз”, – деди Акылбек Маманов. Башкы […]Читать далее
Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун ишинин сапатына мониторинг жана талдоо жүргүзүү максатында Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлерине жеке жана кызматтык автоунаасын пайдаланууга чектөө киргизилет. Ага ылайык, аптанын шейшемби жана бейшемби күндөрү муниципалдык кызматкерлер авто унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга милдеттүү. Аталган эки күн унаа кыймылы эң көп болгон күндөр катары тандалып алынды. […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өттү. Жыйын мэр Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин жана тиешелүү кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Парктын аймагындагы объекттерди демонтаждоо жана бузуу иштери 2024-жылдын 20-майына пландаштырылган. […]Читать далее
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ведомствонун орун басарлары менен биргеликте атайын бөлүктүн курман болгон жоокерлерин эскерүү максатында “Альфа” атайын багыттагы кызматына барды. Атайын кызматтан маалымдашкандай, анда Ташиев кызматтын курал-жарак жана техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышып, каза болгон жоокерлерди эскерди Белгилей кетсек, 12-майда “Альфа” атайын кызматы тарабынан каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. […]Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди. Ага ылайык, бүгүн саат 12:44тө эки өлкөнүн чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Аксы районунун Жерге-Тал, Кызыл-Капчыгай айылдарында 4 балл, Боспиек, Кулук-Дөбө, Мукур айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Джоробеков жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы Авазбек Досов менен жолугушту. Жетекчилер Бишкек шаарындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун жакшыртуу маселесин талкуулашты. Жалпы билим берүү мекемелеринин […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 6-майдан тартып, 12-майга чейин, алдын ала маалымат боюнча 22 023 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-313; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -319; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-74; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-780; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 418; […]Читать далее
Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Белгиленгендей, кырсыктар төмөнкү фактылар менен коштолууда: -каттуу ылдамдыкта айдоо; -карама-каршы тилкелерге чыгуу; -алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабоо; -мас абалында унаа башкаруу; -кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол […]Читать далее