Кытайда бүгүн эртең менен саат 06:10до күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөө Кыргызстанда дагы сезилген. Кырсыктын очогу Кытайдын аймагында — Ысык-Көлдөгү Бедел айылынан түштүк-чыгышка карай 25 км, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 72 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын […]Читать далее
Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Миграция ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ICMPD башкы директору Микаэль Спинделеггер жана ICMPD Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык жетекчиси Радим Жак катышты. Европа Биримдиги тарабынан каржыланган бул долбоор ЕБ менен ICMPDнин миграцияны башкарууга берилгендигинин […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз-Россия славян университетинин ректору Денис Фомин-Нилов жетектеген россиялык делегациянын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Кыргызстандагы балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча эки тараптуу кызматташуу мүмкүнчүлүгү, атап айтканда, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин базасында Балдардын медициналык борборун түзүү долбоорун иштеп чыгуу маселелери талкууланды. Ал 2023-жылдын декабрь айында КР […]Читать далее
Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы Жылуулук электр борбору — 2 (ЖЭБ-2) ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин 5-марттагы жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Министр отурумдун жүрүшүндө депутаттын суроосуна жооп берип жатып, союз мезгилинде курулган жылуулук борбору болгону алты ай гана иштегендигин айтты. “ЖЭБдин имараты ошол боюнча калат. […]Читать далее
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жол коопсуздугун камсыздоо тармагында үзүрлүү кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыгышкан ардагерлер менен жолугушуп, алардын акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин укту. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Ардагерлер төмөнкү багыттагы сунуштарды карап көрүүнү өтүндү. Жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн, […]Читать далее
Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан 2 миң тонна дизель отунун жөнөттү. 1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда Казакстандын “Резерв” Республикалык мамлекеттик ишканасынын “Заря” филиалынан жөнөтүлгөн. […]Читать далее
Бишкек шаарында Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алар 7-апрель, Ж. Абдрахманов жана Ч. Айтматов проспектилерине альтернатива катары долбоорлонду. Ага ылайык Ю. Фучик, А. Бакаев жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгаруу пландалууда. Учурда аталган тилкелерде даярдык жумуштары башталды. Мисалы, Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрү темир жол аркылуу […]Читать далее
“Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында 12,5 млн еврого перинаталдык борбор курулган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2024-жылы “Эне жана баланы коргоо – IV-V” долбоорунун алкагында Германия өнүктүрүү банкынын 12,5 млн евро гранттык каражаттарынын эсебинен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылган. Борбор патологиясы бар кош бойлуу […]Читать далее
Темир жол объекттериндеги эскирген ысытуу лампаларын заманбап светодиоддук лампаларга алмаштыруу электр энергиясын жылына 2 миллион сомго жакын үнөмдөөгө алып келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин басма сөз кызматы маалымдады. «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин негизги иши күнү-түнү жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү, багажды, жүк-багажды ташуу болуп саналат. Жол кыймылынын жана ташылган жүктөрдүн коопсуздугун сапаттуу камсыздоо, адамдардын […]Читать далее
2023-жылы 6,5 млн еврого кургак учукка каршы оорукана ачылган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 2023-жылы Германия өнүктүрүү банкынын көмөгү менен “Кургак учук менен күрөшүү программасы-V” долбоорунун алкагында 6,5 миллион евро гранттык каражаттардын эсебинен Бишкек шаарында жаңы жабдуулар менен жабдылган кургак учукка каршы оорукана ачылган. Учурда оорукана 128 койка-орунга ылайыкташып, кургак учуктун […]Читать далее