Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Эмгек квотасы менен кирген чет өлкөлүк жарандар боюнча маалымат берет. Министрлик бөлүштүрүү процесси кандай жүрөрүн түшүндүрөт. Башында иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу үчүн квота алат, андан кийин чет элдик жумушчу виза алуу үчүн тышкы иштер министрлигине кайрылат. Чет элдик жаран виза алгандан кийин Кыргызстанга кирип, мамлекеттик […]Читать далее
Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек ЖЭБиндеги авариялык кырдаал учурунда күйүк алган эки кызматкерден кабар алды Учурда алар Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү илимий-изилдөө институтунда дарыланып жатышат. Таалайбек Ибраев дарыгерлер менен баарлашып, жабыркагандардын абалынан кабардар болуп, алардын тез арада сакайып кетишине Энергетика министрлиги жана Бишкек шаарыны ЖЭБи тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлө тургандыгын белгиледи. […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Пакистан Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Жолугушууда пакистандык тарапка чет элдик жарандардын катышуусунда болгон окуя жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, […]Читать далее
Бишкектеги түнкү башаламандык учурунда 29 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Бишкекте 17-майдан 18-майга караган түнү орун алган окуянын кесепетинен тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү. 18-майдын таңына карата Шаардык […]Читать далее
2024-жылдын 13-17-май аралыгында Иракта калып калган эки баланы мекенге кайтаруу максатында Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынан түзүлгөн жумушчу топтун Ирак Республикасына иш-сапары уюштурулуп, аталган балдарды репатриациялоо өлкө жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында КРнын Тышкы иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, мамлекеттик органдардын, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын негизинде жүзөгө […]Читать далее
2024-жылдын 15-майында Непалдын Катманду шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Непалдагы Элчиси Аскар Бешимов, өлкөнүн дипломатиялык корпусунун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу иш-чарада Элчи А.Бешимов Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Рамеш Шармага, Непалдын курулуш тармагындагы эң ири компаниялардын бири болгон «Sharma and Company Pvt.Ltd.» компаниясынын жетекчиси, […]Читать далее
Социалдык тармактарда белгилүү уюмдарга, тактап айтканда “Кыргызнефтегазга” акча салууга чакырган жасалма видео-жарнамалар тарап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, шылуундар өлкөнүн биринчи адамдарынын сөздөрүн окшотуп, жасалма интеллекттин жардамы менен эриндерин жана үнүн синхрондоштуруп, элди ишендире тургандай видеолорду жасашууда. “Жасалма чат-боттор да түзүлүп, белгилүү маалымат […]Читать далее
Чүй райондук прокуратурасы тарабынан “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүдө, Биримдик айыл өкмөтүнө караштуу Искра айылынын Фабричная көчөсүндө жайгашкан бала бакчанын имараты Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдагы “Социалдык инфраструктуралардын объектилерин пайдалануунун мындан аркы шарттарды камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгынын талаптарын бузуу менен 2006-жылдан баштап 4 жолу колдон колго өтүп […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-20-май күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. “Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн […]Читать далее
Аскат Алагөзов “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти менен жолукту
Бүгүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстанга сапар менен келген “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын маалыматына караганда, баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болгон. “Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн […]Читать далее