“15-март бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата иштелип чыккан 1 айлык иш-чаранын алкагында, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан, шаардагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды: 1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын (баасы) илиниши; 2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө […]Читать далее
Бүгүн саат 11:53тө кыргыз-казак чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 3 баллды түзүп, анын очогу Кыргызстандын аймагында – Ак-Булак айылынан түндүк-батышка карай 5 км, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан түндүк-батышка карай 40 км аралыкта жайгашкан. Жер титирөө Ак-Булак, Курмөнтү, Ак-Булуң, Балбай айылдарында 3 […]Читать далее
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. Синоптиктердин маалыматына таянсак, 13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-мартта күндүз жана […]Читать далее
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Абдулазиз кары Закиров кыргызстандыктарды ыйык Орозо (Рамазан) айынын башталышы менен куттуктады. Муфтийдин куттуктоосу: “Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу мекендештер! Ошентип ай алмашып, жыл тогошуп, кайрадан куттуу Рамазан айы жаңырды. Он бир айдын султаны – Рамазан айына сак-саламат жеткирген Жаратканга миң мертебе шүгүрлөр болсун. Алланын ырыс-дөөлөтүн жон тери менен сездирген, шаң-шарапаты […]Читать далее
Кыргызстанда жайыттарды жакшыртуу максатында 66 тонна эспарцет үрөнүн сатып алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үрөн сатып алуу КР министрлер кабинетинин тескемесинин негизинде жүргүзүлдү. Ошентип, жайыттарга жайыт чөптөрү менен аралаштырып себүү үчүн Россиянын “АгроМакс” ЖЧКнан сынактык негизде 8 млн 638 миң 760 сомго 66 тонна […]Читать далее
Быйыл Ош шаарына 1,5 миллионго жакын гүл отургузулат. Бул тууралуу Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынан билдиришти. Маалыматка ылайык, түштүк борбордун борбордук көчөлөрү, шаардык эс алуу бактары менен гүлзарлары, ар кандай гүлдөрдүн 20дан ашык түрү менен кооздолот.Читать далее
Министрлер кабинети 2024-жылдын жазгы айдап себүүсү үчүн сертификатталган үрөндөрдү сатып алуу үчүн каражат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайым министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө […]Читать далее
2024-жылдын 13-15-март күндөрү аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 13 мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13 мартта күндүз жана 14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына таянсак, 11нен 13-мартаа чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар: Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы); Бишкек — Нарын […]Читать далее
Кыргызстанда 8-марттан баштап электр жарыгын жөнгө салуу иш-чаралары токтотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ведомстводон кабарлашкандай, анткени аба ырайынын жылышы менен электр энергиянын керектөөсү кыйла төмөндөгөн. “”Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2024-жылдын 8-мартында өлкөнүн энергетика системасында электр энергиясынын керектөөсү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзгөн, өткөн […]Читать далее