Бишкектин Ак-Бата конушунда 650 орунга ылайыкталган мектептин курулушу башталды. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, эки кабаттуу мектеп тогуз блоктон турат. Жер тилкесинин жалпы аянты 1,08 гектарды тузт. 22 окуу класс каралган, анын алтысы башталгыч класстарга жана он алтысы жогорку класстарга арналган. Имарат өзүнө окуу класстарын, спорттук зал, ашкана, стоматологиялык кабинет, балдар өнөрканасын, китепкана, конференц-зал […]Читать далее
“Кыргызиндустрия” ААК жана China Minxin Foundry ЖЧКсы “Кыргызкентех” биргелешкен ишканасын түзүштү. Бул тууралуу “Кыргызиндустриядан” билдиришти. Маалыматка ылайык, “Кыргызиндустриянын” жаңы туунду ишканасы майдалоочу шарларды чыгарат, андан тышкары, металл куюу тармагын өнүктүрүү пландалууда.Читать далее
Президенттин Администрациясында бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун жетекчилиги алдында өлкөдө бирдиктүү маалыматтык саясатты жүргүзүү боюнча жыйын болуп өттү. Отурумга министрлердин жана мамлекеттик мекемелердин башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана басма сөз катчылар катышты. Жыйында мамлекеттик органдардын аткарып жаткан ишмердүүлүгүн тийиштүү деңгээлде туура жеткирүү, мамлекеттик кызматкерлер менен коомдун ортосундагы байланышты […]Читать далее
Кыргызстанда ирригациялык системаларды сугат мезгилине даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкө боюнча миллион гектардан ашык сугат жерлер бар. Ал эми 50 миң гектардан ашык жерди насостук станциялар ным менен камсыз кылууда. Республика боюнча жалпы 120 насостук станцияга 365 насостук агрегат […]Читать далее
Швейцария Кыргызстандын баштапкы медико-санитардык уюмдарына 43 млн сомдон ашык суммага компьютердик жабдууларды берди. Бул тууралуу Швейвариянын элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер үй-бүлөлүк дарыгерлер топторун техникалык жактан жабдууну колдоо максатында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 320 компьютер, үзгүлтүксүз энергия булактарын (UPS) жана Касперский лицензиясын тапшырды. Бул IT жабдуулар Кыргызстандын түштүгүндөгү […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 4нөн 10-мартка чейинки аралыкта 22 миң 8 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт. Анын ичинде: тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 312; мас абалында унаа башкаруу – 339; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже […]Читать далее
2024-жылдын январына карата Кыргызстанда орточо айлык маяна 33 миң 664 сомду түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди. Анын айтымына караганда, 2023-жылга карата өсүү 12,7% түзгөн. “Орточо айлык маянанын артышы чекене жана дүң соода тармагында, кыймылсыз мүлк менен операцияларында, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдагы отчеттук маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкө боюнча 5,9 миң бала оор абалда экени аныкталган. Турмуштук оор кырдаалда турган балдар-бул ата-энеси аларды багуудан жана тарбиялоодон качкан, иштеген жана эмгектин эң начар формаларына тартылган, кароосуз калган, мыйзам менен чатагы бар, зомбулукка кабылган ж. б. балдар. Аймактык үй-бүлөнү жана балдарды коргоо […]Читать далее
Роуд-шоунун жүрүшүндө кыргыз тарап өлкөнүн туристтик дарамети менен тааныштырып, туристтик компаниялардын жана дестинацияларынын жетекчилери өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча презентацияларды жасашты. Австрия тарап өз кезегинде Австрияда туруктуу туристтик дестинацияларды өнүктүрүү, Австрияда туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу маалыматы менен бөлүштү. Мындан тышкары, тараптар туризм боюнча биргелешкен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, туризм жаатында келечектүү кызматташуу боюнча […]Читать далее
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал Ыкчам маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 10-жумасында (04.03-10.03.24) республика боюнча өткөн жумага (09-жума, 92,7) салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган 4576 учур катталды -30,4%га төмөн. Бардык ооругандардын 71,7%ы 14 жашка чейинки балдар. Октябрь айынан бери бейтаптардан 1834 анализ алынган, лабораториялык жыйынтыктар боюнча эпидемиялык мезгил A/H3N2 тумоосу […]Читать далее