Токой чарбасына 72,7 млн сом каржыланды. Булу тууралуу КР Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,2023-жылга токойлорду коргоо, токой өстүрүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды каржылоого 90,8 млн сом каралган (отургузуу, себүү, көчөттөрдү багуу ж.б.). Алар: – токой чарба иштерине 68,3 млн сом; – өрткө каршы иштерге 19,2 млн сом; – Токойлорду коргоо иштерине 3,3 млн. Бүгүнкү күндө […]Читать далее
Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Каракол тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты. Иш-чара коңшу өлкөлөрдөн жана алыскы аймактардан келген конокторду, ошондой эле кышкы эс алууну ышкыбоздорунун […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы, 2023-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 391,9 миң адамды түзүп, анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” алгандардын саны 285,6 миң адам, ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 106,3 миң адам экенин билдирди. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын санына ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган балдар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев Бишкек шаарындагы №100 мектепте мугалимдер жана окуучулар менен жолугушту. Окуучулар коноктор үчүн концерттик программа уюштурушту. Сүйүнбек Касмамбетов балдардын карате менен машыкканына күбө болуп, ачык сабагына катышты. Андан соң Мамлекеттик катчы окуучуларга «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» темасында лекция окуду. Ошондой эле, ар […]Читать далее
Энергетика тармагына өзүн-өзү актоо принциптерин киргизүү, ошондой эле энергетикалык ишканалардын финансылык көрсөткүчтөрүн жыл сайын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Орто мөөнөттүү, 2021-2025-жылдарга жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыздоо тарифтик саясатына өзгөртүүлөр киргизилди.. Бул тарифтик саясаттагы негизги өзгөртүүлөр: Турмуштук эмес керектөөчүлөр үчүн: – «Электр станциялары» ААКсынын «Бишкекжылуулуктармагы» жана Бишкек […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Аламедин районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерди. Гүлнара Баатырова оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар жайгаштырылган үй-бүлөгө барды. «Фостердик үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу жайгаштырышат. Атайын окуудан өткөн 30 жаштан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Алардын билим алуусуна мамлекет жашоо минимумунун бир […]Читать далее
ЖКККББ: Мектеп окуучуларына жарык чагылдыруучу каражаттар таратылууда. Бул туралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Чүй ЖКККБнын кызматкерлери менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн чакан акция өткөрүп, Чүй ЖКККБнын жаңы салынган имараты менен тааныштырып, кызматкерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгүн көрсөтүшүп, ошондой эле кызматтык унаанын атайын каражаттарын, жумуш учурунда керектелүүчү шаймандарын көрсөтүп түшүндүрүп беришти. […]Читать далее
Кыргызстанда бирдиктүү санариптик иш менен камсыз кылуу экосистемасы түзүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев Азербайжанда өткөн Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө-мамлекеттердин эмгек министрлеринин V конференциясынын жыйынында сүйлөп жатып билдирди. “2019-жылдан тартып эмгек министрлиги тарабынан эмгек рыногунун маалыматтык системасы киргизилген (МС), ал иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ишти автоматташтырууга […]Читать далее
Быйыл, Ош облусу боюнча жалпысынан 44 бала бакча пайдаланууга берилди, жыл аягына чейин 60тан ашыруу пландалууда. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Папан айылына иш сапары менен барып бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты. Бул иш-чара айылдын социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана сапаттуу билим берип, келечек ээлеринин бакубаттуулугуна […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов Орусиянын Новосибирск шаарынан келген Жаңы медициналык технологиялар борборунун өкүлдөрү менен жолугушту. М.Исраилов Ош шаарынын мэринин жана жалпы шаардыктардын атынан 1 жаштан 15 жашка чейинки 42 балага жүрөк-кан тамыр ооруларына акысыз операцияларды ийгиликтүү жасаган орусиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Дарыгерлер жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга багытталган […]Читать далее