Күн мурун санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Гарвард университетинин өкүлдөрүн Ниса Габба – Tutelligence долбоорунун негиздөөчүсүн, Фарри Габба – McKinsey&Company жана Касси Габба- Boston Consulting Group компанияларынын аналитиктерин кабыл алды. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кутнаева Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүндө “жасалма интеллектти” жайылтуу боюнча долбоор менен тааныштырды. Тараптар өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Министр “жасалма интеллект” […]Читать далее
Кыргыз-кытай чек арасында бүгүн, 15-мартта эртең менен саат 08:47де очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында орун алып, Бедел айылынан 44 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 150 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилди.Читать далее
2024-жылдын 14-мартында оорудан улам Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан опера ырчысы, А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Жакшылыков Талгарбек Каримович 60 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казак ССРинин Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган айылында төрөлгөн. 1982–1984-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Жаштайынан өзгөчө үнү менен айырмаланып турган Талгарбек […]Читать далее
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы, доктор Ханс Клюге менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Астана шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин 7-жыйынынын алкагында өттү. Жолугушууда тараптар саламаттык сактоонун бир катар маселелерин, анын ичинде 26-27-июнда Борбордук Азиядагы саламаттык сактоого инвестициялоо боюнча эл аралык […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр менен өз ара иштешүүнү жакшыртууга багытталган жаңы сервистерди тестирлөөгө даяр экендигин билдирет. Алсак, Салык кызматы менен бизнес тармагынын маалымат алмашуу процессин оптималдаштыруу, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы өз ара иштешүүнү жөнөкөйлөтүү, товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебин жүргүзүү системасынан электрондук эсеп-фактураларды жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды жөнөтүү жана алуу боюнча сервистер иштелип чыккан. Бул […]Читать далее
Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104,3 млн сом өлчөмүндө каржыланган. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сз кызматы маалымдады. Анын ичинен: 1. Теңдөөчү трансферт – 56,4 млн сом; 2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30,0 млн сом; 3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17,9 […]Читать далее
Кар жаап, аба-ырайынын өзгөрүүсүнөн улам, “Сосновка”, “Арал” посттунда жана Талас облусунун өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди. Чектөө качан алынаары боюнча кошумча маалымат берилет. Андыктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы жолго чыккан айдоочулардан жолго чыгаарда алдын ала мерчемдеп, аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, баардык коопсуздук эрежелерин так сактоону өтүнөт.Читать далее
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев Чүй облусунун Чүй районунда балык чарбасы менен алектенген ишкерлер менен жолугушту. Ведомстводон билдиришкендей, иш сапарынын алкагында министр “Аква Пром” ЖЧКсынын балык өстүргөн инкубациялык цехинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бүгүнкү күндө бул цех Америкадан форель балыгынын икрасын алып келип, инкубация кылууда. Дээрлик миллионго чукул малёк […]Читать далее
Жаратылышты ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин Россия, Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрү боюнча департаментинин директору Масаси Ватанабэ менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушунун журүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы экологиялык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында меморандум жана Биргелешкен кредит механизми жана жүргүзүлүп жаткан иш аракетттер тууралуу сөз болду. Министр Тургунбаев […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропортунда жаны VIP-зал курулууда. Бул тууралуу аэропорттон билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жаңы 2500 миң чарчы метрди түзгөн VIP-залдын курулуш иштери кызуу жүрүүдө. VIP-зал заманбап бардык шарттары, стерилдик зонасы жана жаңы жабдуулар менен камтылат. Тагыраагы VIP-зал – “Манас 2” имаратынын 2-кабатында орун алат. “Жакын арада VIP-залдын курулуш иштери жыйынтыкталса ишке берилмекчи. […]Читать далее