Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-24-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар : – Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу; – Мырза-Аке — […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына караганда, 21-22-мартта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдуу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМ селдин алдын алуу максатында үй жанындагы, чарбактардагы арыктарды, дренаждык каналдарды таза зарылдыгын эскертет.Читать далее
2024-жылы “социалдык контракт” ири мүйүздүү мал багытына берилбейт. Бул тууралуу Сокулук районунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн жана өнөктөштөрдүн катышуусунда “социалдык контракт” алууга кызыктар жарандар менен жолугушууда айтылды. Эмгек министрлигинен маалымдашкандай, 2022-жылдын ортосунан баштап 12,8 миң аз камсыз болгон үй-бүлө мамлекет менен “социалдык контракт” түздү. Бул 70 […]Читать далее
Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун өкүлдөрү Япониянын Жер, инфраструктура жана туризм департаментинин улук директору Исикава Тору баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамкурулуш агенттиги менен Япониянын ортосундагы курулуш, башкаруу, техникалык жөнгө салуу жана санариптештирүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Делегациянын иш сапарынын негизги […]Читать далее
“Электр станциялар” ААКнын эң биринчи салынган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо ишинин башталганына 14 күн болду. Энергетиктердин негизги максаты калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү жана ага чейин Үч-Коргон ГЭСтин рекструкцияга берилген ГАсын толук бүткөрүү. “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорунун алкагында ГА демантаждоо иштери […]Читать далее
Ноорузга карата майрамдык иш-чараларды өткөрүү күндөрү коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашык милиция кызматкери камсыз кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Республиканын ички иштер органдарынын өздүк курамы Ноорущла күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Көчөлөрдө жана коомдук жайларда милициянын кезметтери күчөтүлөт. Өздүк курамга тескемелер өткөрүлүп, кыраакылыкты көрсөтүүгө жана ыкчам чара көрүүгө тапшырмалар […]Читать далее
Кыргызстанда дагы бир жолу жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 20-мартта таңкы саат 06:03тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 3 балл, Эркечтам, Көк-Суу айылдарында 2,5 баллга (Нура айылынан 15 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эскерте […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында катталган жер титирөө боюнча расмий маалымат таратты. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө 19-мартта саат 21:05те катталып, Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, […]Читать далее
Бүгүн, 19-мартта Бишкекте “Билим Бишкек” инновациялык борборун ачуу боюнча төрт тараптуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, директор Рахат Керимбаева Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Түркиянын Технологиялык команда фонду жана Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттиги менен биргеликте экинчи инновациялык борборду ачуу боюнча келишимге кол […]Читать далее
Брюссель шаарынын Борбордук китепканасында Нооруз 2024 ири фестивалы өттү. ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Бельгиядагы элчилиги тарабынан кыргыз диаспоралык уюмдар жана Брюссель шаарынын муниципалдык бийлиги менен биргеликте, ошондой эле башка диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен уюштурулган. Маданий иш-чарага Бельгия борборунун тургундары жана меймандары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү катышты. Фестиваль Нооруз майрамын белгилөөчү мамлекеттердин элдеринин ортосундагы достукту […]Читать далее