“Бишкекжылуулуктармагынын” балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду. Мындай чара жылуулук системасынын тоңуп калбашы үчүн көрүлгөндүгүн «Бишкекжылуулуктармагы» – «Электр станциялар» ААКтын филиалы билдирет. Билдирүүдө айтылгандай, ведомстволук абоненттерге ысык суусуз циркуляциялык режим жөнүндө маалымат берилди. «ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура саат 8.00дө, 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда», – деп айтылат маалыматта.Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө билдиргендей, акыркы мезгилде кыргызстандыктардын миграциялык агымы өзгөрө баштады. «Бүгүнкү күндө биздин мекендештер дүйнөнүн 33 өлкөсүндө – Россияда, Казакстанда, Түркияда, АКШда, БАЭде (Бириккен Араб Эмираттары), Түштүк Кореяда, Италияда, Австрияда, Улуу Британияда ж.б. Биз Россия Федерациясына баргандардын азайгандыгын байкап жатабыз, учурда […]Читать далее
Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда, деп билдирет ыкчам штаб. Эртең мененки саат 09:00гө карата алынган ыкчам маалыматка караганда, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт. 6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат. Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат. […]Читать далее
Учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 240 МВт. Ыкчам штабдын саат 00:20га карата тараткан маалыматына караганда, ушул тапта 6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат. Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 400 т/саат, температурасы 34 градустан 67 градуска чейин. “Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат”, — деп айтылат маалыматта.Читать далее
Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Бахтиёр Саидов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Саидов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өзбек тарап Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. “Тактап айтканда, өзбек тарап жардам катары Андижан аркылуу Ош шаарына суюлтулган газ баллондорун жөнөткөндүгүн […]Читать далее
Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) саат 23:40ка карата кошумча 4 отказан ишке берилди. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, азыркы учурда 6 казан жана 3 турбогенератор, ошондой эле бардык насостук станциялар иштеп жатат. Тармактарда абанын температурасы 34 градустан 64 градуска чейин жогорулады.Читать далее
Биринчи жолу мамлекеттик колдоо менен тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу үчүн 584 млн 74 миң сомдон ашык акча каражат бөлүндү. Тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана туура пайдалануу багытында мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында “2023-2027-жылдарга “Көөнө тарых сырлары” тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү тууралуу” токтом […]Читать далее
Укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында,коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулуп, 800дөн ашуун видеокамера министрликтин Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Алардын арасында издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жарандарды жүзүнөн тааный турган камералар да бар. Өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу көзөмөлгө алынып видеокамералар аркылуу 5 […]Читать далее
Бишкектеги Токтогул 259/4 дарегинде жайгашкан “Назар” соода борборунун соодагерлерине ижара акысы 33,33%га чейин арзандатылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган базардын администратору Замир Умаров билдирди. Анын айтымына караганда, базардын жетекчилиги УКМК тарабынан көтөрүлгөн демилгени жакшы кабыл алып, өлкө жетекчилигин жана алар жүргүзгөн саясатты колдоого даяр экендиктерин билдиришкен. Натыйжада соодагерлердин ижара акысы төмөндөтүлдү. Белгилей кетсек, атайын кызмат […]Читать далее
Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 21:55де ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө абанын температурасы 30 градустан 65 градуска чейин кармалууда. “Бардык соргучтар күйгүзүлүп, жылуулукту туташтыруу улантылууда. Бишкек ЖЭБде дагы эки отказан ишке киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее